Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти

17-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Азиза Абдирасулова жана Динара Ошурахунованы милиция кармап кетти. Бул тууралуу Азиза Абдирасулова Фейсбук барагында билдирди.

«Бизди, укук коргоочулар, Өндүрүш Токтонасыров, мен жана Динара Ошурахунова саат 11:04тө Биринчи май РИИБине алып келишти. Андан бери бир саат өттү, коридордо баарлашып турабыз. Эч ким биз менен жолуккан жок. Эмнеге алып келгенин, кандый талаптары бар экенин билбейм, азырынча биз менен эч ким сүйлөшө элек. Күтүп жатабыз», — деди укук коргоочу.

Ошондой эле Абдирасулова Биринчи май РИИБинин имаратынан түз эфирге чыгып, райондук милициянын имараты начар — терезелери сынып, чаң басып кеткенин жана ажатканасы кейиштүү абалда экенин белгиледи.

Укук коргоочулар уюштурган митинг

Бүгүн эртең менен бир нече активисттер жана укук коргоочулар Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына Украинадагы согушка каршы акцияга чыгышкан. Алар Украинанын туусун жана «Согушка жол жок» деген жазуусу бар плакаттар менен келишкен.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, 2002-жылы Аксы окуясында дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эске салды.

«Аксы окуясына 20 жыл болду. Пикетке чыккандардын алдын тосуп, күнөөсүз адамдарды атып кетишкен. Азыр дагы ошондой эле тоскоол болуу, тыюу салуу кайра эле кайталанып, Биринчи май райондук соту пикетке чыкпагыла деп чечим чыгарды. Бул [чечим] мыйзамдарга жана Конституцияга карама-каршы келет. Аксы окуясынын жыйырма жылдыгы сабак болгон эмес экен. Аксы окуяларынын кайрадан кайталанбасын», — деди ал.

*20 жыл мурда, 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылынын тургундары Үзөңгү-Кууштун бир бөлүгү Кытайга берилишине каршы чыгып, президент Акаевге импичмент жарыялоону демилгелегени үчүн камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылышкан. Бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.

Бишкек шаардык милициясы азырынча активисттердин кармалганы тууралуу комментарий бере элек.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынч митинг өткөрсө болорун белгилешкен.

24-февралда орус аскерлери Украинага кол салгандан бери Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында бир нече жолу согушка каршы тынч митингдери өткөн.

Тема боюнча:

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды