HRW: Ооганстанда жыл башынан бери тамак-аштын тартыштыгынан 13 миңге чукул ымыркай чарчап калды

Кабулдагы Ататүрк улуттук балдар ооруканасынын начар тамактануу бөлүмүндө дарыланып жаткан аял ымыркайы менен, 2-декабрь, 2021-жыл. Сүрөт /Petros Giannakouris

Human Rights Watch 2022-жылдын январынан тартып Ооганстанда тамак-аштын жетишсиздигинен жана аны менен байланышкан оорулардан 13 000 чукул ымыркай чарчап калганын билдирди.

Ооганстанда калктын 95 пайызы толук тамактанбайт, ал эми 3,5 млн бала нутритивдик колдоого муктаж. Médecins Sans Frontières эл аралык медициналык уюмдун директорунун айтымында, реанимацияга жаткырылгандардын жарымы чала тамактануудан жабыркагандар. Ал эми Хильменд провинциясындагы 800гө чукул бала «курч чала тоюудан улам» госпиталга түшкөн.

«Провинциядагы балдардын сөөгү менен териси гана калган, мындан ары ого бетер начар болот деп чочулап турам», — деди эл аралык уюмдун Ооганстандагы директору. Ал эми БУУ жагдайды «азык-түлүк каатчылыгы жана болуп көрбөгөндөй масштабдагы чала тамактануу» деп атады.

Human Rights Watch каатчылыктан чыгуу үчүн Ооганстанга гуманитардык жардамдан тышкары иштеп турган банк системасы да керектигин, себеп дегенде Улуттук банк ири транзакцияларды же акча которууларды ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатканын билдирди.

«Ооган жарандары бардык, анын ичинде тамак-ашка болгон укуктарынын корголушуна муктаж. Экономикалык каатчылыкты жеңилдетүү үчүн гуманитардык жактан колдоо боюнча программалар жетишсиз. Каатчылыктын чыгыш үчүн Талибан аялдарга иштегенге, ал эми каражаттар зарыл максаттарга багытталып жатканын кепилдеш үчүн донорлорго банк операцияларына көз салууга уруксат бериши керек. Ансыз каатчылыктын кесепетин жеңилдетип, аялуу болуп турган ооган балдарына жардам берүү мүмкүн эмес», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Талибдер жана Ооганстан

«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган. 2021-жылы жайында «Талибан» Ооганстанды басып алган.

Расмий өкмөт өтө кыска убакта кулап, ал эми президенттин өзү Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Талибдердин баскыны АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстанда 20 жылга жакын болгондон кийин чыгарылып жаткан шартта башталган.

Өткөн жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Кыргыз делегациясы «Кабулга Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын элине гуманитардык жардам жеткирип барган».