16 жаштагы кызын күйөөгө берген аял бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алынды

Нарын облусунда 36 жаштагы аял 16 жаштагы кызына турмушка чыгууга уруксат бергени үчүн бир жылдык пробациялык (сыноо) көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу «Азаттык» Пробация департаментине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, кыз 2021-жылы, 10-класста окуп жаткан учурунда, өзү жашаган Нарын облусундагы башка айылда турган 21-жаштагы жигитке турмушка чыккан.

Кыздын апасынын айтымында, кызы болочок жолдошу менен соцтүйүндөр аркылуу таанышып, ага турмушка чыгууну өзү каалаган.

«Оку десем болбой, “турмушка чыгам” деп туруп алды. Мугалимдери да айтышты. Болгон жок. Мен таптакыр каршы болуп туруп алсам, өз өмүрүнө кол салчудай. Анда да жооп берем да. Айла жок, күйөөгө узаттым», — деген кыздын апасы.

Аялдын турмушка чыккан кызы үйдө балдардын улуусу, андан тышкары үй-бүлөдө дагы төрт бала бар. Аял балдарын жалгыз тарбиялайт, себеби жолдошу төрт жыл мурда дүйнөдөн өтүп кеткен.

Жашы жете элек кыздын турмушка чыкканы боюнча Нарын райондук милициясы кылмыш ишин козгогон, ал эми сот кыздын апасына бир жылдык сыноо мөөнөтүн белгилеген. Бул убакта аял пробация органынын көзөмөлүндө болот.

Кыздын апасынан тышкары кыздын жолдошуна жана кайненеси да пробациялык көзөмөлгө алынган.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, кыздын жолдошу айылда түрдүү жумуштарда жалданып иштейт, ал эми өзүнүн алты айлык боюнда бар. Кыз турмушка чыккандан кийин окуусун таштап салган.

Журналисттер 2021-жылы Нарын районунда жашы жете электер турмуш курган учур катталганын белгилешти. Алар боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучуларга пробациялык сыноо мөөнөтү белгиленген.

Кыргызстанда 2016-жылы жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салынган. Молдолор Жарандык актылардын абалын каттоо (ЗАГС) департаментинен каттоодон өткөндүгү тууралуу документсиз нике кыя алышпайт.

Тема боюнча окуңуз:  Жайлоодогу бий: Келин образындагы студент кыз эрте турмуш курууга кантип каршылык билдирип чыкты?

«Күйөөмдөн жашырып окууга тапшырдым». Билимге суусаган кыз-келиндер колдоого муктаж