Ырчы Анжелика Кайратова 22-мартта Инстаграм барагына аялдардын кордолушуна аялдар өздөрү күнөөлүү деп айыптаган пост жарыялады.
Анжеликанын Инстаграм барагында үч миллиондон ашык катталуучусу бар, андан тышкары, анын постторун көчүрүп жарыялаган бир нече фан-барактары бар. Ырчынын бул билдирүүсүнүн эмнеси туура эмес? Түшүндүрүп беребиз.
Анжелика эмне деп жазган?
Ырчы постун мусулманчылык салтка ылайык жоолук салууга өткөндөн бери адамдардын ага карата мамилеси өзгөргөнүн айтуу менен баштаган. Анын айтымында, эркектерге динде болууга жеңилирээк — себеби аларга сырткы келбетин өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Андан кийин эле постунун аягында зомбулук үчүн күнөөнү аялдарда оодарган.
«Жыланач айымды көргөн эркектин ою жакшы жакка кетпейт. Айымдардын кордолушуна — кандай динде болбосун, айым бир гана өзү күнөөлүү. Таза, тыкан кийинип, оюңарды ачык айтып, өзүнөрдү коргогонду билиңиздер», — деп жазган Анжелика.
Анжеликанын айткандары эмнеге жөндүү эмес?
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө ар бир төртүнчү аял өмүрүндө физикалык жана/же сексуалдык зомбулукка кабылат. 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын дээрлик үчтөн бири жыныстык жашоосундагы өнөгүнүн зомбулугуна туш болгон.
Зордуктоодон жапа чеккен кызды же аялды туура эмес кийинген же туура эмес жайда жүргөн деп айыптоо менен коомчулук зордукчул жана агрессор адамды кубаттаган гана болот. Кылмышка жабырлануучу эмес, дайыма кылмышкер күнөлүү.
Кийим сексуалдык зомбулукту актоо үчүн шылтоо болушу мүмкүнбү? Зордуктоого кабылган аялдардын баары эле ачык кийингенби? Албетте жок. Ал тургай Кыргызстанда зордукталган аялдардын кийимдеринин көргөзмөсү өткөн — экспонаттардын арасында кичинекей балдардын кийимдери, джинсылар, футболкалар, халат, жоолук жана мектеп формасы бар болчу.
«Келесоосуңар!» Илим Карыпбеков үй-бүлөлүк зомбулукка аялдарды күнөөлөдү. Бул эмне үчүн туура эмес?
Кылмыш үчүн күнөөнүү жабырлануучуга оодаруу — виктимблейминг деп аталат. Виктимблейминг жабырлануучунун же анын жакындарынын жарасын ого бетер ырбатат. Айрыкча инфлюенсерлер (коомго таасири күчтүү, коом алдында жүргөн адамдар) мындай позицияны карманганы зомбулукту кубаттоого гана алып барат.
«Клооп» жана «Медиазона» изилдөө жүргүзүп, кыргыз аялдарын көбүнчө тааныштары зордуктарын же зордуктоого аракет кыларын аныкташкан. Зордуктоо тууралуу беш факты болсо, бирөөндө гана кылмышкер жабырлануучу менен тааныш эмес болгон. Бул зордукчуга аялдын кандай кийимчен болгону маанилүү эмес экенин дагы бир жолу айгинелеп турат.
Изилдөө көпчүлүк учурда кол салган адам жабырлануучуну аялуу тааныштарынын арасынан тандап аларын көрсөткөн:
- кичинекей бала же өспүрүм;
- жалгыз жашаган же зордуктоо учурунда үйүндө жалгыз болгон аялдар;
- майыптыгы бар аялдар;
- алкоголдук ичимдик ичип мас абалда болгон аялдар.
Ошол эле кезде зордуктоо же зордуктоо аракетинин үчтөн биринен көбү жабырлануучунун үйүндө жасалган.
Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл өткөн сайын зордуктоо фактысы менен козголгон иштердин саны көбөйүүдө. Эгерде 2011-жылы 331 иш козголсо, 2020-жылы — 673 иш козголгон.
Аны менен бирге кыскартылган иштердин саны дагы көбөйүүдө. Эгерде он жыл мурда 47 иш кыскартылса, 2020-жылы 586 иш кыскартылган — 85%дан ашуун. Зордуктоо боюнча иштердин дагы бир бөлүгү сотто кыскартылат.
Укук коргоочук Адинай Жапаралиева зордуктоодон жапа чеккендер айыпталуучунун туугандары, ал тургай укук коргоо органдары тарабынан «өтө катуу басымга» дуушар болорун айтат.
Укук коргоочу жылдар бою созулган соттук териштирүүлөр, андагы бюрократия зордуктоонун курмандыктарын чарчатып да коёрун, ошондуктан кол салган адамга койгон доосунан баш тартышарын билдирет.
«[Териштирүү учурунда] жабырлануучу психикалык жана физикалык жактан чарчап калгандыктан, ушул адамдардан оолак болуу үчүн жөн эле [дооматым жок деген] арыз калтырып, баарын жыйыштыргысы келет», — дейт адис.
Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз
«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү
«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт
Зордуктоодон жапа чеккендерге кантип жардам берүүгө болот?
Эгер адамдын психологиялык жактан абалы оор болсо, сөзсүз адиске кайрылышы керек. Эгер психологдун номери же каражаты жок болсо, анда 24 саат бою иштеген чукул байланыш кызматына чалса болот.
Эмгек министрлигинде акысыз чукул байланыш линиясы иштейт. Кыргызстандын ар бир жараны 111 номерине телефон чалып, акысыз психологиялык жардам алса болот. Психологдор чоңдорго да, балдарга да консультация беришет. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар же жашоо шарты оор абалдагылар үчүн 117 линиясы иштейт.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкекте Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот.
Мындан тышкары, Кыргызстанда зомбулукка кабылган жүздөгөн аялга күн сайын жардам берген 17ге чукул кризисттик борбор иштейт. Бул жайларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлөт — документтерди толтурууга көмөк көрсөтүп, сот залына коштоп барышат. Ошондой эле кризисттик борборлордо убактылуу баш калка берилет.
Кризисттик борборлордун даректери:
- «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
- «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
- «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
- «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
- «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
- «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
- «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
- «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
- «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
- «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
- «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.
Үй-бүлөлүк — сексуалдык же психологиялык — зомбулуктан жабыркагандар милицияга кайрылып, коргоо ордерин пайдаланса болот. Ал төмөнкүчө иштейт:
Диний коомчулуктун лидерлери да — мусулмандар, православ христиандары, протестанттар, католиктер, бахаилер жана теңирчилер — үй-бүлөлүк зомбулук жана анын коомдордогу кесепеттери менен күрөшүшөт.