Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Быйыл кыш жылуу болгонуна карабай Кыргызстандын булуң-буручунда миңдеген адам күн сайын жарыксыз отурууга аргасыз болушту. Энергокомпаниялар аягы үзүлбөгөн «аварияларга» даттанып, ремонт иштерине миллиарддаган сомдорду жумшашат. Бирок акча жардамы тийбей жатат: электростанциялар менен электр тармактары эскиргенден эскирип баратат. Бийлик калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, тарифтерди көтөрүүнү убадалоодо. Бирок кыргызстандыктар ашык акча төлөй албайт, себеби эл, сөздүн ачыгын айтканда, кирешесин «жеп» жатат.

Жарык борбор калаада да, аймактарда да өчүрүлөт

Бишкектин чет жакасындагы Ак-Өргө конушу. Анда үйлөр кароосуз жана курулушу бүтпөгөн имараттар менен аралаш салынган. Топурак жолдорунан машиналар менен кичи автобустар анда-мында гана өтөт. Балдар жол боюнда ойношот. Конуштан үйлөрдүн биринин алдында унаа оңдоп жаткан тургунга кезигип, кепке тарттык:

— Сиздерде жарык өчөбү? — деп сурадык андан.

— Күн сайын кечинде эки саатка өчөт.

— Свет жок кантесиздер? Үшүбөйсүңөрбү?

— Биз газга кошулганбыз, үйдү жылытуу оңой эле, — деп жооп берди тургун. — Кошуналарга кыйын эле, газы жок. Күн суук болгондо үйлөрү тез эле мустап калат.

Бишкектин башка району, Жумушчулар шаарчасында (Рабочий Городок — ред.), абал жакшырак.

— Бизде күнүгө өчүрүшпөйт, эки-үч күндө бир өчүрүлөт. Свердлов районунда таанышым жашайт, алардыкын да эки күндө бир жолу өчүрүшөт экен, — деди жергиликтүү тургундардын бири. Кыш жылуу болгондуктан өчүрүүлөр дээрлик байкалган жок. Үйлөр жылуу эле деп ишендирди ал.

Энергокомпаниялар жарык эмнеге өчүрүлүп жатканын айтып жатышабы деген суроого шаар тургундары «эч нерсе дешпейт» деп ийиндерин куушурушат. Компаниялардын өзүндө маалы-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатканын четке кагышты: 2021-жылы кеч күздө «Түндүкэлектро» ишканасы өчүрүүлөрдү линиялардагы ремонт иштери жана авариялар менен байланыштырган.

Өлкө боюнча «авариялар менен ремонттун» масштабын билүү үчүн «Клооп» борбор калаа жана аймактарда сурамжылоо жүргүздү. 162 адамдын ичинен ону гана аларда электр жарыгы өчүрүлбөгөнүн айтты. Респонденттердин үчтөн биринен көбү суткасына беш-алты сааттан ашык жарыксыз отурушарын айтышты.

Кыргызстандын энергетикасы коңшулардан көз каранды

Кыргызстанда электр энергиянын басымдуу бөлүгүн «Электр станциялар» ААКы өндүрөт, анын 94% акциясы мамлекетке таандык. Карамагында жети ГЭС жана эки ЖЭБ бар. Эң чоңу — Токтогул ГЭСи, ал өлкөдөгү бардык электр энергиясынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн өндүрөт.

Бирок ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү жыл мезгилинен көз каранды. Жайкысын, тоолордо кар жана мөңгүлөр эригенде, дарыяларга суу толуп, ГЭС каскаддары толук кубаттуулукта иштейт, ал эми ашыкча энергия менен суу Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн берилет. Ал эми күзүндө жана кышында, дарыяларда суу аз болуп, ГЭСтерде энергия жетишсиз болуп турган мезгилде, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн газ, көмүр жана электр энергиясын алат.

Кээде, коңшулаштар менен макулдашууну бузуп албаш үчүн Кыргызстан сууну мүмкүн болгондон да көбүрөөк берүүгө аргасыз. Мисалы, 2007-2008-жылдары суу көп коё берилгендиктен кышында ГЭСтердин турбиналарына суу жетишпей, электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлгөн.

Климатологдор менен гляциологдор глобалдык жылуулук жана аймакта дарыялардын агып келүүсү азайгандыктан мөңгүлөр кескин бузулуп жатканын көптөн бери эле айтып келишет. Бирок 2021-жылдын жайында Улуттук энергохолдинг Кыргызстан «жетишилген макулдашуулардын алкагында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча көлөмдө суу агызганын» кайрадан билдирген. Кышында жарык өчүрүү кайталанган.

Борбор Азия өлкөлөрү суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу колдонбогондуктан жыл сайын

1,3-4,5 млрд доллар же аймактык ИДПнын 1,5%ын жоготот

деп айтылат Евразия банкынын эсебинде

Кубаттуулук бар, бирок ал эскирген

Кыргызстандын энергосистемасындагы негизги кубаттуулуктар 1950-1970-жылдары курулган. 2020-жылга карата электростанциялардын эскириши 80%га жеткен.

Электр тармактары да эскирип жатат. Электр энергиясынын, анын ичинде элетр тармактарындагы жоготуулар, Евразия банкынын эсебине ылайык, 20%га жеткен.

Тармактарды жана жабдууларды модернизациялоо энергия менен камсыздоочу ишканалардын мамлекеттик сатып алуу бюджетинин үчтөн экисин «жейт». «Клооп» «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясы жана «Ошэлектро» ишканасы, «Чыгышэлектро» жана «Жалалабадэлектро», ошондой эле кубаттуулуктарды генерация кылган «Электр станциялары» жабдууларды сатып алууга, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерине 2019-жылдан 2021-жылга чейин 2 млрд сомдон ашык каражат коротушканын эсептеп чыкты.

Бирок тармакты жаңыртуу алда канча көп каражатты талап кылат. Мисалга, Бишкек ЖЭБин жарым-жартылай модернизациялоо үчүн 2017-жылы 13 эсе көп каражат жумшалган. Бюджетте андай акча жок, ошондуктан мамлекет насыя алууга аргасыз болууда.

Акча берилгени менен абал жакшы болуп кеткен жок

Эгемендүүлүктүн дээрлик 30 жылында, 1990-жылдан орто ченинен 2021-жылга дейре Кыргызстан 11,5 млрд доллар тышкы жардам алган, анын ичинен 8 млрд доллар — насыялар, калганы — гранттар. «Биздин кылым» коомдук фондунун маалыматына ылайык, тыштан келген каражаттын негизги бөлүгү бюджетти колдоого, транспорт инфрастуртурасына жана энергетикага багытталган. Социалдык тармакка келип түшкөн каражаттын болгону 3%ы бөлүнөт.

Энергетикалык камсыздоого маселелерин чечүүгө Кыргызстан дээрлик 2 млрд доллар өлчөмүндө насыя алган. Негизги насыя берүүчүлөр — Кытай, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк.

 *CASA-1000 долбоору Кыргызстан менен Тажикстандын энергосистемасын Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырышы керек.

2012-2013-жылдары «Датка-Кемин» электр чубалгысынын, «Датка» көмөк чордонунун курулушуна жана Бишкек ЖЭБди модернизациялоого дал гана Кытай насыя берген. Кредит 20 жылдык мөөнөткө алынган, бүгүнкү күндө бул убакыттын жарымы өттү.

Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын «Эксимбанкнын» ортосундагы келишимдик макулдашууда эгер өлкө пайыздарды же кредитти жаба албаса, анда Кытай Гонконгдогу эл аралык арбитражда Кыргызстандын каалаган активин талап кыла алат деп айтылат.

Эгер карыз төлөнбөсө Кытай так эмнени сураарын болжоо кыйын. Варианттын бири — алтын кендери. 2018-жылы Тажикстан дал ушундай ыкма менен «Душанбе-2» ЖЭБнин курулушунан кутулган — Кытайга Жогорку Кумарг кенин өткөрүп берген.

Башка вариант — станциялардын өзү: Токтогул ГЭСи жана Бишкек ЖЭБи.

Экинчи версиянын ыктымалдуулугун өлкө президенти Садыр Жапаров өзү да ырастаган. «Мисалы, ТЭЦ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деп белгилеген өлкө башчысы «Азаттыкка» курган маегинде.

Энергетикадан өз да, өзгөлөр да пайда көрөт

Насыяга алынган акчалар канчалык натыйжалуу сарпталарын Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун мисалынан эле түшүнсө болот. Алсак, 2013-жылы Кыргызстан станцияны модернизациялоо үчүн Кытайдан 386 млн доллар алып, пайыздары менен 500млн доллар кайтарып берүүнү убадалаган.

Оңдоо ишин TBEA кытай компаниясы жүргүзүп, иш 2017-жылы бүткөрүлгөн. Арадан бир жыл өтүп станцияда, бирок модернизациядан өтпөгөн бөлүгүндө, чоң авария болгон, натыйжада калаа тургундары кышында бир нече күн жылуулуксуз калышкан.

Мына ошондо модернизациянын сметасы көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү, ал эми өлкөгө алып келинген жабдыктардын баасы — бажы кызматынын маалыматы боюнча — документтегиден 800 миң долларга аз көрсөтүлгөнү аныкталган. Кытайлык компания ачык-айкын эмес административдик жана «консультанттын чыгымдарына» 20 млн долларга чукул акчаны короткон.

Бирок Кыргызстан бул боюнча эч нерсе кыла алган эмес: келишим боюнча модернизациянын сметасын кытай тарап аныктайт эле. Анткен менен кылмыш иши козголуп, жогорку кызматтардагы аткаминерлер, анын ичинде ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков кылмыш ишинин фигуранты болушкан.

Бирок Бишкек ЖЭБдин маселеси ушуну менен бүтүп калбайт. 2021-жылдын аягында ЖЭБ отказандарга кум аралаш көмүр жагып жүргөнү аныкталган. Көмүр бул жакка Балыкчыдагы кампадан алып келинет, ал жерден ага салмагын көбөйтүү үчүн атайын инерттүү материалды аралаштырышат.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, күнөөлүүлөр кармалып, аларга кылмыш иши козголгон, ал эми Бишкек ЖЭБи, аткаминерлердин билдирүүсүнө ишенсек, электр энергиясын бир жарым эсе көп өндүрө алат. Бирок бул санды текшерүү мүмкүн эмес.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Өз энергияң жокпу — коңшулардан сатып ал

Кээде сууну электр энергиясына алмашуу өлкөлөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын жабууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок Кыргызстан эгемендигинин 30 жылында коңшуларынан жети жолу электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.

Мамлекет электр энергиясы үчүн валюта менен төлөйт, ал эми тарифтер мамлекеттер аралык талашка себеп болгон учурлар кездешет.

Мисалы, Өзбекстан алардын жылуулук электростанцияларында газды жагуунун натыйжасында өндүрүлгөн электр энергиясынын килловат-сааты Кыргызстандын ГЭСтеринде суунун агымын турбина менен айлантуунун натыжасында өндүрүлгөн электр энергиясынан кымбат болушу керек деп көшөргөн. Бишкек буга макул болбой, алмашуунун баасы бирдей болушу керек деген. Андан тышкары, 2016-жылга чейин Ташкент Камбар-Ата ГЭСнин курулушуна каршы чыгып, плотиналар сугат үчүн дайранын агымын бөгөп коёт деп чочулаган.

Бир жыл мурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентке иш сапары менен барганда өлкөлөр табигый алмашуу келишимине кайтып келүүнү макулдашышкан.

Импорттук электр энергиянын баасы жеткирүү көлөмүнөн көз каранды: сатып алуунун көлөмү канчалык чоң болсо, киловатт-сааттын баасы ошончолук төмөн болот.

Мисалы, Кыргызстан 2014-2015-жылы электр энергиясын Казакстандан 4 сомдон, Тажикстандан — 1,3 сомдон сатып алып турган. 2020-жылга барып Казакстандан импорт кылуунун баасы 18,5 сомго чыккан. Бул Кыргызстандагы ичиндеги жергиликтүү калк үчүн тарифтен 24 эсе жогору.

Капчыкка туура келбеген тарифтер

Кыргызстанда — калк үчүн электр энергиясынын тарифтери аймакта эң төмөн — кВт/сааты 0,77 сом же 0,01 доллар. Экинчи орунда Тажикстан турат, ал жакта электр энергиясы мындан эки эсе кымбат.

А бирок Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркы төмөн болгону менен — кВт/сааты орто эсеп менен 1,5 сом болсо да, азыркы тариф аны жаба албайт. 2010-жылы бийлик тарифтерди экономикалык жактан негизделген тарифтерге көтөрүүгө аракет кылган. Президент Бакиевдин тушунда Кыргызстанда электр энергиясынын баасы азыркыдан эки эсе (ал эми доллардын курсун эске алганда үч эсе) кымбат турган.

Ошол кезде Юстиция министрлиги тарифтердин мындай тездик менен өсүшү энергетика тармагынын өнүгүшү, туруктуу жана ишенимдүү иштеши үчүн маанилүү деп айткан. Бирок кыргызстандыктар үчүн электр жарыгы кол жеткис болуп калган. Анда калктын нааразычылыгына президент Бакиев жооп берип, «тезек камдап алууну» кеңеш кылган.

Узакка созулган энергетикалык кризис натыйжада Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан 2010-жылдагы революцияга түрткүнүн бири болгон. Ал эми жаңы келген бийлик тарифти эки эсе төмөндөтүп, андан бери калк үчүн электр жарыгынын баасы дээрлик өскөн эмес.

Эл — Кыргызстанда электр энергиясынын негизги сатып алуучусу. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жөнөкөй абоненттердин 93%ы кубаттуулуктун үчтөн экисин керектейт. Жыл сайын керектөө дагы 8-10%га өсүп жатат — ал кайра эле жеке чарбалардын кошулуусунан улам болууда.

Кыргыз үй-бүлөлөр жакыр. 2020-жылы Кыргызстандын калкынын төрттөн бири — 1,6 млндон ашуун киши — жакырчылыктын чегинде жашап жаткан. Алардын төрттөн үч бөлүгү — айыл жергесинде жашагандар. Коронавирус эпидемиясында жумушсуздук менен инфляциянын тездешинен улам өлкөдө жакырчылыктын деңгээли дагы 5%га өскөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда киши башына бир айлык орточо киреше болгону 66,35 долларды түзөт. Ал эми минималдуу керектөөчүлүк чыгымдар — 63,21 доллар.

Үй-бүлөлөрдүн жарымы акчасынын теңин тамак-ашка, дагы үчтөн бир бөлүгүн — кийим-кечеге жана азык-түлүктөн башка товарларга, анын ичинде коммуналдык кызматтарга, билим алууга жана ден соолукту бекемдөөгө жумшашат.

Ошентип, бардык милдеттүү төлөмдөрдү төккөндөн кийин орто жашаган кыргызстандыкта

айына «ашыкча» 3 гана доллар калат.

Коммуналдык кызматтарга кыргызстандыктар кирешесинин 7%га жакынын коротушат — бул Европа өлкөлөрүнө караганда азыраак, ал жакта ушул сыяктуу чыгымдарга кирешенин орточо 8-10%ы кетет.

Бирок Deutsche Welle Европа боюнча электр энергиясынын тарифтери эң жогору делген Германияда турак-жай, тамак-аш, коммуналдык кызматтар, билим берүү жана дары-дармек үчүн бардык милдеттүү чыгымдардын суммасы бир үй-бүлөнүн кирешесинин жарымынан аз экенин эсептеп чыккан. Калганын германиялыктар кийинкиге калтырып чогулта алышат.

Эгер жарыктын баасы кымбаттаса, кыргызстандыктар кымбаттаган эсептерди төлөө үчүн башка эч нерседен үнөмдөй албай калышат. Бүгүнкү күндө көбү үйлөрүн электр энергиясы менен жылытып жатат, себеби көмүр жана отундун башка түрлөрү андан да кымбат.

2021-жылдын жазында президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында тарифти көтөрүүгө аргасыз болушарын билдирген. Бирок жайында, бул тууралуу Энергетика министрлиги сөз кыла баштаганда, президент оюнан кайтып, калкка тийишпөөнү сунуштаган. Жыйынтыгында тариф өнөр жай үчүн гана өскөн.

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Башка жол жок — үнөмдөп, кыйналууга туура келет

Кыргызстан өзүнүн кубаттуулугун жогорулатмайын энергетикалык каатчылыктан чыга албайт. Бийлик жакынкы жылдары Папан, Орто-Токой жана Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди курууну убадалоодо. «Бала-Саруу» ГЭСине орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 22,7 млн доллар бөлдү. Ошондой эле президент Камбар-Ата ГЭСнин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо долбоорун иштеп чыгууну убадалаган.

Бирок бул пландар азырынча кагаз жүзүндө гана бар, ал эми Кыргызстанга, он жыл мурдагыдай эле, жарыктын маал-маалы менен өчүшү кайтты. Чынында, бийлик өчүрүүлөрдү азыр башкача атап калган, ал эми өкмөт болсо жоопкерчиликти элге жүктөөгө аракет кылууда.

«Өкмөт лимит койгон. Ошол ченемди сактагыла. Бул 2010-жылдагыдай маал-маалы менен өчүрүү эмес — эсиңердеби, райондордо бери жарыксыз отуруп калган элек? Эгер коюлган лимиттен ашып кетсе, пландык өчүрүүлөр болот», — деген конференциялардын биринде минкабдын төрагасынын орун басары Азиз Аалиев.

Редакторлору: Екатерина Резникова, Анна Капушенко, Дмитрий Мотинов, Виктор Мухин

Которгондор: Чолпон Бейшелен кызы, Айпери Хожаева, Алмир Алмамбетов