Президент карыз төлөнбөсө Кытайдын карамагына кайсы объектилер өтүп кетерин айтты

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы тууралуу кеп козгоду.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык, эгерде Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» карызын төлөп бербесе, анда Кытай ири инфраструктуралык долбоорлорду башкарууга аларын түшүндүрдү. Алар — Бишкек ЖЭБи, «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы.

Мамлекет башчысы Кытайдын башкаруусуна башка объектилер да өтүп кетиши ыктымал экенин айтып, бирок кайсы объектилер экенин так белгилеген жок.

«Мисалы, ТЭЦ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деп президент айтты.

Жапаров Кыргызстан 2020-жылдын 31-декабрына чейин 30 млн доллар төлөөгө милдеттүү болгонун жана финансы булактарын таап, бул шартты аткарганын кошумчалаган. Мында кайсыл булактар тууралуу сөз болгонун өлкө башчысы ачыктаган эмес.

Кыргызстан жана Кытайдан насыя алуу үчүн долбоорлор

«Датка-Кемин» электр чубалгысынын курулушу 2015-жылы аяктаган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанк» банкынан жылына эки пайыздык үстөк менен 20 жылдык мөөнөткө 390 млн доллар карыз алган. Кыргызстан менен «Эксимбанк» бул кредиттик келишимге 2012-жылы кол койгон.

Дагы караңыз: Кытай Борбор Азияга таасирин кандайча тийгизүүдө? The New York Timesтын Бишкек ЖЭБин жаңыртуу мисалында даярдаган макаласын баяндап беребиз

Кыргызстан борбор калаанын ЖЭБин жаңыртуу үчүн дагы насыя алган. Анда Кытай Кыргызстанга 386 млн доллар бөлгөн.

Келишимге ылайык, жыйынтыгында Кыргызстан үстөк пайызын кошо эсептегенде жалпы 500 млн доллар насыяны төлөп берүүгө тийиш. Модернизацияны кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырган. Долбоор үчүн субподрядчиктерди жалдоо жана жабдууларды сатып алуу иштерин дагы TBEA өз мойнуна алган.

Бишкек ЖЭБди жаңылоо тууралуу келишим 2013-жылы түзүлгөн. Ал эми долбоор өзү 2017-жылы аягына чыккан. Жыйынтыгында долбоор аяктагандан кийин бир жылга жетпей Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Авариядан кийин келишимге катыштыгы бар бир катар аткаминерлер сот жообуна тартылган. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда премьер-министрлик кызматты аркалаган Сапар Исаков дагы бар.

Дагы караңыз: Парламенттик комиссия ЖЭБди жаңыртуунун чыгымын иликтеп чыкты

Кытай Кыргызстанга дагы бир чоң насыяны Бишкек — Ош багытындагы альтернативалык «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу үчүн берген. 2013-жылы эле Жогорку Кеңеш бул жолдун курулушу боюнча насыялык макулдашууну жактырган.

Курулуш иштери 2014-жылы башталган, курулуш долбоорун үч фазага бөлүү чечими чыгарылган:

биринчи фаза (154 км) — Кызыл айылынан Жылдыз-Аралга чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин;

экинчи фаза — узундугу 96 километрди түзгөн Арал — Казарман тилкеси, анын ичине 700 метрлик туннель да кирет;

үчүнчү фаза — Балыкчы — Кызыл-Жылдыз жолунун бөлүгү.

Кыргызстандагы курулуштун жалпы наркы 850 млн долларды түзгөн, дээрлик 400 млн доллар насыя түрүндө алынган.

Кытайдан тышкары, бул жолду курууга Азия жана Ислам Өнүктүрүү Банктары да насыя берген. China Road & Bridge Corporation жол куруу ишканасы бул долбоордун негизги жалданмачысы.

Дагы караңыз: Кыргызстан насыя берүүчүлөрдүн алдында карыздын чегин бекитти. Бул кандай?