Таштанды жайынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиевге сыртынан айып тагылды

Болот Асаналиев.

Бишкек шаарынын таштанды полигонунун мурдагы директору Болот Асаналиевге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сыртынан айып тагылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Авазбек Каримовго таянып «Акипресс» жазды.

Прокурордун орун басарынын айтымында, Асаналиевге карата иш Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен таштанды иргөөчү завод куруу боюнча түзүлгөн келишимге байланыштуу.

Маалыматка караганда, иш прокуратурага 2021-жылдын декабрь айында келип түшкөн, ушул тапта сотко өткөрүлдү.

Болот Асаналиев 2016-жылдын май айында таштанды полигонунун директору болуп дайындалган. Ал эми кызматтан 2018-жылдын май айында кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу үчүн тендер жарыялаган. Завод Бишкектин таштанды көйгөйүн чечүү үчүн ЕРӨБ 2014-жылы бөлгөн каражатка курулат.

Таштанды иргөөчү завод куруу үчүн 2014-жылы жалпы 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул акчанын 11 миллиону — жеңилдетилген кредит, 3 миллиону — банктын гранты жана 8 миллион — Европа биримдигинин гранты.

Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу

2013-жылы «Бишкек боюнча катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорго кол коюлган, ал эми 2015-жылы аны парламент ратификациялаган. Долбоорго ылайык, учурдагы таштанды төгүүчү жай рекультивацияланып, таштанды иргөөчү завод курулары айтылган.

Шаардык таштанды жайын рекульттивациялоо боюнча долбоор 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам токтоп калган. Ал эми 2021-жылдын май айында Бишкек мэриясы долбоор кайра жанданганын билдирген.

Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы полигонду рекультивациялап, жаңы санитардык полигондун курулушуна жооп берет.

2021-жылдын октябрында калаа мэри Айбек Жунушалиев эстон компаниясы менен келишимди бузууну чечкен. Жунушалиев эстон компаниясы берилген көлөмдөгү жумушту аткара албай койду деп билдирген.

Көп өтпөй, компания полигондо иштөөнү улантарын жарыялаган. Ал эми мэриядан компания эки айлык мөөнөткө иш план түзгөнүн, эми полигондогу өрттүн очогун жок кылууну көздөп жатканын маалымдашкан.

Тема боюнча:

Бишкек: Европа банкы март айында таштанды иргөөчү завод куруу үчүн тендер жарыялайт

Бир кадр менен: Бишкек мэринин м.а. таштанды полигонуна барды