Бишкек: Европа банкы март айында таштанды иргөөчү завод куруу үчүн тендер жарыялайт

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 15-мартта Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу үчүн тендер жарыялайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Европа банкынын сайтында билдирүү 10-февралда чыккан. Заводду куруу үчүн тендер Европа банкынын сатып алуу эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Завод Бишкектин таштанды көйгөйүн чечүү үчүн ЕРӨБ 2014-жылы бөлгөн каражатка курулат. Бул максатка 2014-жылы жалпы 22 млн евро бөлүнгөн.

Бул акчанын 11 млну — жеңилдетилген кредит, 3 млну — банктын гранты жана 8 млну — Европа биримдигинин гранты.

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Адилет Маматов «Клооптун» журналистине алдыда өтө турган тендер ушул тапта таштанды полигонунда иштеп жаткан Эстониянын Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясына эч кандай таасир этпесин айтты.

«Тендердин жыйынтыгы боюнча утуп чыккан компания таштанды сорттоочу заводдун долбоорун даярдайт жана аны курат. Бул келишимдин эстон компаниясы менен түзүлгөн азыркы келишимдерге тиешеси жок», — деди Маматов.

Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы полигонду рекультивациялап, жаңы санитардык полигондун курулушуна жооп берет.

Шаардык таштанды жайын рекульттивациялоо боюнча долбоор 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам токтоп калган. Ал эми 2021-жылдын май айында Бишкек мэриясы долбоор кайра жанданганын билдирген.

2021-жылдын октябрында калаа мэри Айбек Жунушалиев эстон компаниясы менен келишимди бузууну чечкен. Жунушалиев эстон компаниясы берилген көлөмдөгү жумушту аткара албай койду деп билдирген.

Көп өтпөй, компания полигондо иштөөнү улантарын жарыялаган. Ал эми мэриядан компания эки айлык мөөнөткө иш план түзгөнүн, эми полигондогу өрттүн очогун жок кылууну көздөп жатканын маалымдашкан.

«Бишкек боюнча Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбооруна 2013-жылы эле кол коюлган, ал эми 2015-жылы аны парламент ратификациялаган. Долбоорго ылайык, учурдагы таштанды төгүүчү жай рекультивацияланып, таштанды иргөөчү завод курулат.