Бир кадр менен: Бишкек мэринин м.а. таштанды полигонуна барды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 19-августта калаа мэринин м.а. Айбек Жунушалиев шаардын таштанды полигонуна барып кайтканын билдирди.

Бишкек мэринин м.а. Айбек Жунушалиев калаанын таштанды полигонунда. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 

Жунушалиев таштанды талаасын текшерүү учурунда полигондун атайын техникасы иштебей турганын, ал эми аталган жайдын кызматкерлеринин жумуш үчүн экипировка жоктугун билди.

«Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражат “Бишкекте катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгына нааразы болду», — деп билдиришти мэриядан.

«Бишкекте катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбооруна 2013-жылы кол коюлган, 2015-жылы аны парламент ратификациялап, долбоорду ишке ашыруунун баасы 22 млн еврону түзгөн. Бул каражатка эски таштанды полигону калыбына келтирилип жана жаңысы курулмак. Аталган каражаттын жарымы кредит, калган жарымы грант.

Таштанды полигонун рекультивациялоо 2021-жылдын июнь айында жандандырылган. Анда борбор калаанын мэриясы Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS эстон компаниясы бул долбоорду ишке ашыра турганын билдирген.

Бул фирманын жалданма жумушчуларынын биринчи тобу майдын аягында Бишкекке учуп келген. Ал эми экинчи тобу июндун аягында, вакцина жана жумушчу виза алгандан кийин келмек болчу.

Мэриянын маалыматына ылайык, рекультивация боюнча долбоордун баасы таштанды талаасынын өзү дээрлик 4 гектарга кеңейтилгендиктен улам өсүп кетет. Мурдараак рекультивация долбоору COVID-19 пандемиясына байланыштуу бир жылга токтотулган, эми муниципалитет бул келишимди бир жарым жылга узартууну пландап жатат.

Таштанды жайы жана андагы өрттүн келип чыгуу себептери менен рекультивацияны ишке ашырган фирма алектенип жатат. Компания Европа реконструкция жана өнүктүрүү (ЕРӨБ) банкынын долбоору боюнча иштеп жатат, 1 млн 596 миң евролук келишимге 2017-жылы кол коюлган.

Таштанды талаасынын аянты 40,8 гектар, бирок мэрия аны дагы 3,8 гектарга кеңейтүүнүнүн үстүндө иштеп жатат. Андан соң полигондун рекультивациясын 44,6 гектарга чейин кеңейтүү үчүн корутунду алуу пландалууда.