«4200 гектар жерди сугат суу менен камсыздоого болот». Кадамжайда магистралдык каналдын курулушу башталды

Баткендин Кадамжай районундагы Алгакадам тилкесинде магистралдык каналдын курулушу башталды. Курулуш иштери менен минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров барган кезде каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылды.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун салам дубай жолдогонун белгилеп, өткөн жылдан тарта жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын эске салды.

«Сиздер чоң жана уникалдуу долбоорду баштап, жарандык демилгеңиздерди көрсөтүп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатасыздар. Албетте, Министрлер кабинети мындай долбоорлорду колдоого даяр. Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берүүчү ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сом. Долбоорду ишке ашырууга «Алгакадам» коомдук бирикмесинин жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат сарпталмакчы.