Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги кайрылуусунда «Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын» жарыялады. Бул Кыргызстан Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы менен «ажырашканын» айгинелейт.
«Клооп» президенттин кайрылуусунун урунттуу учурларына токтолду. Тараптар кандай макулдашууга келгенин айтып беребиз.
Жапаровдуни билдирүүсү
Кыргызстан эмнеге ээ болот?
Президенттин айтымында, мындан ары «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга тиешелүү — «Центерранын» туундуу ишканалары Кыргызстанга таандык.
Канадалык компания өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди дагы төлөп берет — болжол менен 11 млн доллар. Мындан тышкары, «Центерра» Кыргызстанга 50 млн доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Ошондой эле кыргыз тарап буга чейин Лондондун банктарынын биринин эсебинде сакталып келген «Кумтөрдүн» рекультивациялык фондунан 53 млн доллар алат.
Мындан тышкары, канадалык компания Кыргызстанга каршы демилгеленген бардык соттук процесстерди токтотот: АКШда, Швецияда жана Канадада.
Centerra эмнеге ээ болот?
Жапаровдун айтымында, «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясы алардан баш тартат. 4-апрелге карата бул акциялар пакетинин баасы 778 млн доллардан ашуун турат.
Кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотот.
«Центерранын» билдирүүсү
Канадалык компаниядан Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жана ал айткан келишимдин чоо-жайын тастыкташты. Компаниянын 4-апрелдеги билдирүүсүндө тараптардын ортосундагы тынчтык келишиминин башка да чоо-жайы камтылган.
Алсак, Кыргызстан Кумтөр кени жана анын рекультивациясы үчүн «толук жоопкерчиликти» өзүнө алган.
«Кумтөр» долбоору менен «Центерранын» ортосунда түзүлгөн бардык макулдашуулар күчүн жоготот.
Канадалык компаниянын директорлор кеңешинен «Кыргызалтындын» эки өкүлү чыгат. Кыргызстан мамлекеттик компания аркылуу «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылып келген жана канадалык компаниянын директорлор кеңешинде «Кыргызалтындын» үч өкүлү бар болчу.
«Кумтөргө» боюнча пландар
Жапаров кайрылуу учурунда жетишилген келишимдин шарттары «азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана Кыргызстандагы абалды эске алганда оптималдуу жана улуттук кызыкчылыкка карай чечилди» деп ишендире аларын айтты.
«Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек. Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз», — деп түшүндүрдү президент.
Президент тынчтык келишиминин шарттары боюнча сүйлөшүүлөр «абдан оор болгонун», бирок ага карабастан «Кыргызстан эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем туруп, позициясын чечкиндүү түрдө коргогонун» кошумчалады.
«Башында бизди эл аралык коомчулукка “жапайы, баскынчы” катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук. Акырында эң баштапкы сүйлөшүп жаткан позицияларды түп-тамырынан өзгөртүүгө жетише алдык. Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз», — деп ишендирди президент.
«Кумтөрдөн» түшкөн пайда
Президенттин айтымында, эгерде мурда Кыргызстан «Центеррандан» символикалуу көлөмдө гана дивиденддерди алып келген болсо, кен Кыргызстандын тышкы башкаруусуна өткөндөн бери 323 млн доллар алды.
«Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо», — деп билдирди Жапаров «бул тастыкталган гана эсептөөлөр экенин» жана ал жакта «башка дагы мүмкүнчүлүктөр бар» экенин кошумчалап.
«Айтайын дегеним, “Кумтөрдүн” чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат», — деп кайталады президент сөзүн.
«Кумтөрдөн» түшкөн акча кайда жумшалат?
Президенттин айтымында, «Кумтөрдүн» каражаты Кыргызстанга мамлекеттик карызын өз убагында төлөөгө мүмкүндүк берет. Жакынкы бир нече жылда өлкөнүн мамлекеттик карызына байланыштуу ири каражаттарды төлөөнүн мезгили келет, ал 2021-жылдын аягында 5 млрд 147 млн доллардан ашкан.
Ошондой эле президент «Центерра» менен макулдашууга жетишүүнү «кечиктирбөөгө» дүйнөдөгү экономикалык кырдаал жана азык түлүктүн баасынын кымбатташы дагы мезгилдин талабы болгонун түшүндүрдү.
«Созулуп кетсе, ири инвестдолбоорлордон куру калмакпыз, арбитраждык соттук процесстер бүтмөйүнчө инвесторлордун ишеними солгундап, республикага сырттан финансылык каражаттарды тартуу оорломок, өлкөгө тыйын дагы, товар дагы келбей кала турган коркунучка кептелмекпиз. Мамлекет башчысы катары мен чечкиндүү жана кечиктирилгис кадамдардан баш тартпайм. Элдин жоопкерчилигин мойнума алгандан кийин создуктурууга жол бере албайм», — деди президент.
«Бүгүн — биздин жалпы жеңишибиз!» — деп жыйынтыктады сөзүн өлкө башчысы.
Кыргызстандын башкаруусундагы «Кумтөр»
Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылып келген жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелчү
17-майда кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерраны» Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийин Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия «Центеррадан» экологиялык зыян үчүн буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.
Канадалык компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген болчу.