ИИМ: Бишкекте аялды үтүк менен кыйнап карактап кеткендер кармалды

Сүрөт: Свердлов РИИБи

4-апрелде Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы Бишкекте аялдын үйүнө бастырып кирип, үй ээсин кыйноого алып карактап кетүүгө шектелген эки киши кармалганын маалымдады.

Жабырлануучу милицияга жазган арызында окуя 29-мартта күндүз саат 10-11 чамалуу болгонун айткан. Анын айтымында, белгисиз эки киши үйүнө кирип «мойнуна бычак такап, колдорун байлап кызыган үтүк менен кыйнаган». Андан соң каракчылар 27 миң сом, уюлдук телефон жана зер буюмдарды алып, изин жашырышкан.

Свердлов райондук милициясы бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Анын алкагында күч органдары 30 жана 43 жаштагы эки кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Буга чейин, 30-мартта, Ленин райондук ички иштер бөлүмү Бишкектин тургунунун 17,5 миң сомун жана уюлдук телефонун тартып алган эки кишини кармаган. Шектүүлөр №1 тергөө абагына киргизилген.

Дагы окуңуз:

Бишкектин тургунун карактап, акчасын тартып алган деген шек менен эки киши кармалды

Чүйдүн тургунун талаага алып чыгып, карактап кеткен үч шектүү кармалды