Бишкектин тургунун карактап, акчасын тартып алган деген шек менен эки киши кармалды

Бишкектин Ленин райондук милициясы Бишкек шаарынын тургунун карактап, 17 миң 500 сомун жана «Redmi А9» үлгүсүндөгү телефонун тартып алууга шектелген эки жигитти кармады.

Маалыматка ылайык, окуя 24-мартта 23:27 чамасында Чүй-Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин жанында болгон. «А.Т.» аттуу жабырлануучу ага күч колдонуп, тоноп кеткен кишилерге чара көрүүнү өтүнүп 26-мартта милицияга арыз жазган.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Ленин РИИБдин басма сөз кызматы

Райондук милиция бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 27 жана 28 жаштагы эки кишини кармады.

Ал эми Ленин райондук соту шектүүлөрдү Бишкектеги ТИЗО—1ге бир айга камакка алды. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Буга чейин, 29-мартта Чүй айылынын тургунун бычак менен коркутуп сабап, 11 миң сомун тоноп кеткен үч киши кармалган. Чүй облустук милициясы тиешелүү экспертиза дайындап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Тема боюнча:

Бишкекте тапанча менен коркутуп тоноочулук кылган эки киши кармалды

Электрошокер, бычак. Ош шаарында кыздарды тоноого шектелип беш киши кармалды