Чүйдүн тургунун талаага алып чыгып, карактап кеткен үч шектүү кармалды

Чүй облустук милициясы Чүй айылынын тургунун бычак менен коркутуп сабап, тоноп кетүүгө шектеп үч кишини кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 29-мартта билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 28-мартта таңкы саат 04:00 чамасында катталган.

«Чүй районундагы жайгашкан соода түйүнүнүн жанынан шектүүлөр “Б.Н” атту жаранды эч себепсиз сабап, бычак менен коркутушкан. Андан соң аны белгисиз унаага салып Чүй айлынын сыртына алып барып, күч колдонуп 11 миң сом акчасын тоноп кетишкен», — деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 25 жаштагы эки жана 28 жаштагы бир кишини кармады.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Биринчи май райондук милициясы эки кишини куралдуу каракчылыкка шектеп кармаган. Шектүүлөр Абай көчөсүндөгү батирлердин бирине бастырып кирип, жаш кызга курал такап, үйүн тоноп кетишкен.

Тема боюнча:

Ысык-Көлдө куралдуу каракчылыкка шектелип эки адам кармалды

Электрошокер, бычак. Ош шаарында кыздарды тоноого шектелип беш киши кармалды