«Эл аралык издөөдө жүргөн». УКМК финполдун төрагасынын мурдагы орун басарын кармады

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (финпол) төрагасынын «коррупцияга» шектелип, эл аралык издөө жарыяланган орун басары «Г.Б.Б.»* 7-апрелде кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

*Бул инициалдарга Бакытбек Гайназаров туура келет.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Казабеков менен бирге Кытайга акчаларды мыйзамсыз которгон топту калкалаган. УКМК акчалар Орусиядан аткезчилик жолу менен алынып келингенин жана алар Кыргызстан аркылуу «адалдаштырылганын» билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө «О.А.К.» жана Бахтияр Жолдошбаев аттуу жарандар өздөрүнүн жасалма компаниялары аркылуу Кытайга 360 млн долларга чукул акча которгону аныкталган. Ал эми шектүүлөргө «Халык Банктын» башкармалыгынын төрага орун басары «И.М.К.» жардам берген.

Атап айтканда, 2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «О.А.К.» өзүнүн «Бишкек 312» ЖЧКсынан «Халык Банк» аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 АКШ долларды накталай түрдө которгон. Ал эми 2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 АКШ доллар которгон.

60 млрд сомду өлкөдөн алып чыгуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылдын башында «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачып, анын алкагында Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Казабековду кармаган. Атайын кызмат шектүү Кыргызстандан «ири суммадагы акчаларды» адалдаштырып, андан соң чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштургандар менен жең ичинен сүйлөшүп алганын билдирген.

«2020-жылдын март айынан октябрь айына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мыйзамсыз ишмердиктин жыйынтыгында Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу түрүндө мамлекетке келтирилген зыян алдын ала эсеп боюнча 500 млн сомдон ашышы мүмкүн», — деп билдирген УКМК.

Кийинчерээк УКМК бул иштин алкагында бир нече ишкерлерди, анын ичинде Кытайдын жарандарын кармаган. Айрым шектүүлөр чет өлкөгө качып чыгууга үлгүрүшкөн.

2022-жылдын 11-мартында Бишкектин Биринчи май раойндук соту бул иштин алкагында айыпталуучу катары өткөн «Х.И.И.», «М.Р.Р.», «У.И.Ш.», «А.Т.С.», ошондой эле Кытайдын жарандары Лю Цзяньчэн жана Лю Липинди «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Алардын баары тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 260 миң сом айыпка жыгылышкан.

Дагы окуңуз:

Өлкөдөн дээрлик 60 млрд сом мыйзамсыз чыгарылган. УКМК финполчуну кармады

60 млрд сомду чыгарып кетүү иши: Акчалардын изин жашырууга шектелген эки адам кармалды