60 млрд сомду чыгарып кетүү иши: Акчалардын изин жашырууга шектелген эки адам кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы 18-майда Кыргызстандан 59,5 млрд сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген эки жаран кармалганын билдирди.

Ушул эле иш боюнча буга чейин Каржы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси К.Н. кармалган болчу.

«Кыргызстандын Х.К.Л. жана У.И.Ш аттуу жарандары акча каражаттарын чогултуп, аларды КЭРдеги чет элдик компаниялардын эсебине мыйзамсыз которуу максатында банк мекемелерине жеткиришкени аныкталды», — деп билдиришти комитеттен.

Комитеттен катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам аракеттери дагы да уланып жатканын кошумчалашты.

Мындан тышкары, УКМК 1973-жылы туулган кылмыштын дагы бир фигуранты Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичти издеп жатат. Атайын кызмат Бахтияр Жолдошбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо УКМКга кабар берүүнү суранат.

Издөөдөгү шектүү киши «Асцентура Аудит» компаниясынын директору болуп саналат.

Буга чейин ал адистештирилбеген дүң соода жүргүзүүчү «Рэгал» ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылдын 11-августунан тарта «Рэгал» компаниясы ишмердигин токтоткон ишкана катары статусун өзгөрткөн.

60 млрд сомду өлкөдөн алып чыгуу 

2021-жылдын 1-мартында УКМК Каржы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисин коррупцияга шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жана финполдун башка кызматкерлери Кыргызстандан «ири суммадагы акчаларды» адалдаштырып, андан соң чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштургандар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан.

«2020-жылдын март айынан октябрь айына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мыйзамсыз ишмердиктин жыйынтыгында Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу түрүндө мамлекетке келтирилген зыян алдын ала эсеп боюнча 500 млн сомдон ашышы мүмкүн», — деп билдирген УКМК.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитети финполдун кызмат адамдары мыйзам бузууларга көз жумганы үчүн акча адалдоону уюштургандардан 180 млн сом пара алганын аныктаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-мартта финполдун башкармалыгынын жетекчисинин баш коргоо чарасын кабыл алган. Ал 2021-жылдын 1-майына чейин УКМКнын абак жайында кармоо менен камакта калтырылган.