Өлкөдөн дээрлик 60 млрд сом мыйзамсыз чыгарылган. УКМК финполчуну кармады

Каржы полициясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жана финполдун башка кызматкерлери Кыргызстандан «ири суммадагы акчаларды» адалдаштырып, андан соң чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды уюштургандар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан.

«2020-жылдын март айынан октябрь айына чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мыйзамсыз ишмердиктин жыйынтыгында Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу түрүндө мамлекетке келтирилген зыян алдын ала эсеп боюнча 500 млн сомдон ашышы мүмкүн», — деп УКМК белгиледи.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитети финполдун кызмат адамдары мыйзам бузууларга көз жумганы үчүн акча адалдоону уюштуруучулардан 180 млн сом пара алганын аныктаган.

Кармалган финполдун бөлүм башчысы «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 1-мартта УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК коррупциялык схеманын башка катышуучуларын издеп жатат. Кармалган кызматкердин аты-жөнү айтылган жок.