Депутаттар Дүйнөлүк Банктын Баткенди өнүктүрүү долбоорун АРИСке берүүгө каршы чыгышты

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 11-апрелдеги жыйынында Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк банк менен болгон макулдашуунун долбоору талкууланды.

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү долбоорун бул ирет Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) 2027-жылга чейин ишке ашырарын билдирди.

«Каражаттын 25 миллиону кредит, 25 миллиону грант катары чыгарылып жатат. [...] Насыянын мөөнөтү негизинен 38 жыл, 2059-жылга чейин берилет. Насыя 0,75% менен берилет. [...]», — деди ал.

Бирок айрым депутаттар бул долбоорду АРИС ишке ашыруусуна каршы чыгып, Баткен облусун Бүткүл дүйнөлүк банктын эсебинен өзүбүз өнүктүрөлү деген сунуш айтышты.

«Жергиликтүү жетекчилер эмне кылат? Плов жейби же барып лента кыркабы? Эмне үчүн силер АРИСке берип жатасыңар? Максатыңар эмне? Министрдин орун басары ар бир айткан сөзүңүздө өзүңүзгө балээ тилеп алат экенсиз. Мыкты адистердин бары АРИСке кетип калган деп жатасыз, анда келгиле АРИСти кыргыз өкмөтү кылып дайындайлы», — деп нааразы болду депутат Адахан Мадумаров.

Депутат Нурлан Шакиев мамлекеттин кепилдиги менен алынган насыяны иштетүүнү ортомчу компанияларга берүүнү токтотуу керек деп эсептейт.

«Ушул АРИСтин, баягы иттин өлүгү кайсы жерге көмүлгөн дегенде, ушул жерден таап чыксак болот да. Себеп деген, мына биздин кесиптештер туура айтты, канча жылдан бери бир топ миллиардаган сомго, миллиондогон долларга жасаган долбоорлордун көпчүлүгү, дээрлик үчтөн бир бөлүгү ушу жеп-ичкендердин айлык акысына кетти да. Ошонун негизинде сапатсыз, эптемей долдоорлор жасалган. Азыр мисал үчүн, мындан 15-20-жыл мурун жасалган АРИСтин долбоорлорунун дээрлик жарымынын изи жок. Азыр ошол долбоорлорго кайрадан ошол айылдар чуркап жүрүшөт. АРИСтин техникасы да, адистери да жок», — деди Нурлан Шакиев.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков дагы чукул чечим кабыл алуудан карманып турууну, АРИСтин ишмердүүлүгүн талдап чыгууну сунуштады.

Талкуунун соңунда авторлор долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн чакыртып алышты.

АРИС — коммерциялык эмес уюм, сырттан келген каражаттын эсебинен ири инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлорун каржылаган мамлекеттик агенттик. Каражаттын көп бөлүгү — жалпы сумманын 30%дан 90%га чейинкиси — БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Германиянын өкмөтү сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнөт.

Калган сумманы Кыргызстандын өкмөтү бюджеттен бөлүп берет же эл аралык уюмдардан насыяга алат. Уюмдун юридикалык жак деген макамы бар.

Эмне себептен Баткен облусу кошумча каржылоого муктаж?

Акыркы жылдары Баткен облусу чек ара жаңжалдарынан жабыркап келет. Соңку ири жаңжал 2021-жылы жазында болуп, жай тургундар арасында ондогон киши каза тапкан. Чек арадагы жаңжалдын кесепетинен 36 кыргызстандык каза таап, 154 адам жарадар болгон.

Жаңжалда инфраструктура обьектилери — мектептер, медициналык жана мамлекеттик мекемелер талкаланган. Жергиликтүү тургундарга тиешелүү жүздөгөн үйлөр, ишканалар өрттөлүп, көбү турак-жайсыз, кирешесиз, мал-мүлксүз калган.

Ошондон кийин Кыргызстандын бийлиги кыйраган айылдарды калыбына келтирүү ишин колго алган. Жаңжал учурунда каза болгон кыздын атындагы «Мадина» шаарчасы курулган. Бирок жергиликтүү тургундар жана активисттер шаардагы айрым курулуштардын сапатына нааразы болушкан — мисалы, айрым электр мамылары кулап, кудуктардын капкактары талкаланып, адамдар таза суунун жетишсиздигинен кыйналышкан.

Баткен облусуна мыйзам чегинде өзгөчө макамы берилген, ал эми президент Садыр Жапаров чет элдик бизнесмендерди калыбына келтирүүгө каражат салууга чакырган.