Садыр Жапаров түрк ишкерлерин Баткенге инвестиция салууга чакырды

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 11-ноябрда Түркияда өткөн Стамбул бизнес коомчулугу менен жолугушуу учурунда түрк ишкерлерине Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштаганын кабарлады.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын бизнес коомчулугу менен жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жапаров облуска өзгөчө макам берилгенден кийин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжасында аймактын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга болорун айтып өттү. Ал облус ичинде атайын артыкчылыктуу, жеңилдетилген салык жана инвестицилык режим болот деп түшүндүрдү.

«Бул аймакка инвестициялаган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы», — деп билдирди басма сөз кызматы

Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Өз кезегинде Жапаров түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.

Баткенге өзгөчө макам берүү

Баткенге өзгөчө макам берүү демилгеси тууралуу 16-февралда айында Кыргызстандын ошол учурдагы премьер-министри Улукбек Марипов сөз кылган. Ошондо ал, Баткенде такталбаган чек ара аймактары бар жана «облустта абал өтө курч» болгондуктан өкмөт бул маселени көтөрүп жатат деп айткан.

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү процесси 2021-жылдын майында Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атуулардан кийин тездетилген.

Минкаб «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоорун парламентке 4- майда киргизген. Мыйзамдын долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкуу үчүн 2021-жылдын 2-апрелинде жайгаштырылган.

Андан кийин ага коомчулуктан түшкөн бир катар эскертүүлөр менен сунуштар кошулуп, кошумча кайра иштетүүдөн өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорун 3-майда өкмөт жактырып, ал дароо парламенттин кароосуна киргизилген.

Парламенттин депутаттары мыйзамдын долбоорун 2021-жылдын июлунда үчүнчү окуда кабыл алышкан.

Тема боюнча окуңуз: Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян