«Ысык-Көл» мейманканасынын карызын төлөө үчүн 40 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү

Бузулуп жаткан «Ысык-Көл» мейманканасынын карыздарын төлөө үчүн 42,5 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телегерам-каналында айтты.

Ал акча каражаты коммуналдык кызмат, социалдык фонд жана салык кызматынын карыздарын жабууга жумшаларын белгиледи.

«Мага жеткен маалымат боюнча, бүгүнкү күндө мейманкананы бузуу иштери толук бүтө элек те эле мамлекетке 9 млн сом чыгым алып келди», — деп белгиледи Бекешев.

«Ысык-Көл» мейманканасы 38 жыл мурда, 1984-жылы курулган. 14 жыл имарат бош турган — мейманкана катары 2007-жылдан тартып колдонулбай калган.

Мейманкана көп жылдан бери архитектуралык эстеликтер макамын алып президенттин иш башкармалыгынын балансында болуп келген. 2021-жылдын апрель айында Бишкек мэриясы «Ысык-Көл» мейманканасын архитектуралык эстелик макамынан ажыраткан.

«Ысык-көл» мейманканасын бузуу

24-декабрда «Клоопко» президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасы бузуларын тастыктаган.

Бийликтин мейманканынын имаратын сүрдүрүү планы 2021-жылдын декабрь айында ачыкка чыккан. Анда президенттин администрациясынан «Ысык-Көл» мейманканасын эксплуатациялоо «мүмкүн эмес жана коркунучтуу» деп билдиришкен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мейманкананы калыбына келтирүү үчүн «жаңы имаратты курууга кете тургандай сумма керектелмек».

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу пландалып жатат. Мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынган.

Тема боюнча: Бир видео менен: Бишкекте «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу