Бир видео менен: Бишкекте «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу

TikTok’тун колдонуучусу Элдияр Алымжанов Бишкекте «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу учуру тартылган видеону жарыялады.

Видеодон имарат чет-чекесинен бузулуп жатканын көрүүгө болот.

@eldiyar9216 #bishkek #isikkul #гостиница #эксковатор ♬ оригинальный звук - Eldiyar Alimjanov

Бийликтин мейманкананы бузуу планы 2021-жылдын декабрында белгилүү болгон, анда президенттик администрациядан «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты «башкаларга коркунуч алып келип жатат» деп билдирген.

«Имарат башкаларга коркунуч алып келип жатат. Ал жер тосулуп турганына карабастан шаар тургундары көп келет. Имарат күтүүсүздөн урап кетиши ыктымал жана ал жакта жүргөндөр жабыркашы мүмкүн», — деп билдиришкен президенттик администрациядан.

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу пландалып жатат. Мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынган.