Бишкек мэриясы «Ысык-Көл» мейманканасын архитектуралык эстелик макамынан ажыратты

Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасы архитектуралык эстелик макамынан ажыратылды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын маалыматына ылайык, мындай чечим президенттин Иш башкармалыгынын демилгеси менен кабыл алынган, себеп дегенде мейманкана башкармалыктын карамагында.

«Имараттын кармоочусу мэрияга жергиликтүү маанидеги Бишкектин Тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде “Ысык-Көл” мейманканасын архитектуралык эстелик макамын “жоготту” деп белгилөөнү суранып кайрылган», — деп билдиришти башкы архитектурадан.

Мейманкананы эстелик макамынан ажыратуу маселеси 2020-жылдын июнь айында эле каралып баштаган. Анда маданият министрлигине караштуу атайын комиссия түзүлүп, ал тарыхый-маданий мурас маселесин иликтеген.

Комиссия өз ишинин жыйынтыгында мейманкана «өтө начар абалда, мындан ары колдонууга жарабайт жана архитектуралык-көркөм баалуулугун жоготту» деген чечимге келген.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын протоколун карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде Бишкек мэриясы бул чечимди чыгарышын максатка ылайыктуу деп тапты» — деп муниципалдык кызматтын билдирүүсүндө айтылган.

Бул объекттин мындан аркы тагдыры кандай болору белгисиз. Бишкекбашкыархитектура имаратты бузуу же реконструкциялоо жөнүндө так маалыматтарды берген жок.

«Ысык-Көл» мейманкана комплекси Бишкектин түштүк тарабында 1984-жылы Кыргыз ССРнин 60-жылдыгына карата курулган.