Чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурдагы ордуна чыгарып кетүү макулдашылды

12-апрель күнү Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн чыр чыкканга чейин өткөн жолугушуусу.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКсынын Согди облусунун башчысы Хикматулло Пираковдун жолугушуусу өтүп жатат.

Тараптар Лейлек районунун Кыргыз-Встреч жерлигинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Натыйжада чыр чыккан аймактан кошумча тартылган күчтөр менен каражаттарды мурдагы жайгашкан ордуна чыгарып кетүү макулдашылды.

Маалыматка ылайык, макулдашууга жетишкенден кийин эле тараптар ок атышуу орун алган аймактан күчтөрдү жана каражаттарды чыгара башташкан.

Кыргыз-тажик чек арасында саат 24:00гө карата кырдаал чыңалуу элементтери менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Учурда эки өлкөнүн чек ара делегациялары Тажикстандын «Овчи-Калача — автожол» өткөрүү пунктунда сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат.

Андан сырткары Лейлек районунда Баткен ОИИБинин башчысы Мурат Боронов Согди ОИИБнин башсысы Абдулло Навджуанов менен чек арада жолукту. Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.

Сүрөт: Баткен ОИИБ

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.

Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.

Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.

Ал эми жаракат алган чек арачынын абалы «оор» деп мүнөздөлдү. Ал Лейлек районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскерге операция жасоо күтүлүүдө.

Кийинчерээк Чек ара кызматы саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганын билдирди. Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары эвакуацияланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар