Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери 12-апрель кечки саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганын билдирди.

Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган.

Кыргыз күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы, генерал-лейтенант Марат Иманкулов координациялап жатат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал «чыңалуу» деп мүнөздөлүүдө.

Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.

Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.

Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.

Ал эми жаракат алган чек арачынын абалы «оор» деп мүнөздөлдү. Ал Лейлек районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскерге операция жасоо күтүлүүдө.