Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр чыкканын билдирди. Натыйжада эки тараптан тең бирден аскер жаракат алганы кабарланды.

Маалыматка ылайык, чек ара кезмети Лейлек районунун Селкана жерлигинде кызмат өтөп жатканда тажик аскерлери аларды көрүп чек аранынын шарттуу сызыгын көздөй басышкан. Алар өз аймагына өтүү талабына баш ийишпей, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип келишкен.

Андан соң тажик чек арачылары кыргыз аскерлерине ок атышкан. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.

Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.

Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.

Ал эми жаракат алган чек арачынын абалы «оор» деп мүнөздөлдү. Ал Лейлек районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскерге операция жасоо күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал «чыңалуу» бойдон калууда.

Облус башчылардын жолугушуусу

12-апрель күнү «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» өткөрүү пунктунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолугушкан.

Андан сырткары жолугушууга эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышкан.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында эки тарап төмөнкүлөрдү макулдашышкан:

  • Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Аталган комиссия эртең 13-апрелде Лейлек районунун аймагында жолугушуп, өз жумуштарын башташат.
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;
  • Ошондой эле чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашылды.