Курулуштун дубалы урап үйдү басып калган иш боюнча кармалган эки прораб үй камагына чыкты

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуштун дубалы урап, жанындагы үйдү басып калган иш боюнча 12-апрелде кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген эки прораб үй камагына коё берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган прорабдар.

Ал жактан чечимди 12-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алганын белгилешти.

Ленин РИИБнин маалыматына ылайык, «Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган.

26-мартта Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы коңшу үйдүн чатырына урап түшкөн.

ӨКМден «Клоопко» кырсыктан 1958-жылы туулган аял жабыркаганын билдиришкен. Ага жеринде медициналык жардам көрсөтүлүп, бирок жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан.

Имаратты «КейДжи Восток Сервис» ЖЧКсы куруп жатканы белгилүү, анын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу.

Бирок курулуш компаниясынын өкүлү Багыш Жарматов Коргонбай уулу парламент депутаты болгондон баштап курулуш компаниясынын иштерине аралашпай калган деп билдирген.