Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан аскер жана тургун жаракат алды

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан чек арачы жана жай тургун жаракат алып, аскерге хирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, жабырлануучулар Раззаков шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна жеткирилген.

Аскер кызматкеринин абалы «орто» деп бааланууда. Ал эми тургунга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал үйүнө чыгарылган.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун башталганы кабарланган.

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.

Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган. Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.

Кийинчерээк Чек ара кызматы саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганын билдирген. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу саат 24:00дө токтогону кабарлаган.

ӨКМдин басма сөз кызматы Баткен облусу боюнча 14 айылдан жалпы 644 тургун убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланганын билдирген. Андан сырткары, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары башка айылдарга убактылуу көчүрүлдү.