Баткен жана Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары эвакуацияланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууга байланыштуу Баткен облусу боюнча 14 айылдан жалпы 644 тургун убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 53 эркек, 246 аял, 345 жаш балдар убактылуу пункттарына жайгаштырылган. Анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

Учурда ӨКМ тарабынан облус аймагында 1700 орунга ылайыкташкан 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.

Мындан сырткары, Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына жайгаштырылса, ал эми Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына убактылуу көчүрүлдү.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылды.

Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары Раззаков шаарына, Эски-Оочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарга эвакуацияланды.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жана бир тургун жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.

Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган. Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.

Кийинчерээк Чек ара кызматы саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганын билдирген.

Жаракат алган чек арачыга хирургиялык операция жасалып, абалы «орточо» деп мүнөздөлдү. Ал эми жергиликтүү тургунга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат