Президент Садыр Жапаров 15-апрелде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Документ мамлекеттик үлүшү 50% же андан жогору компанияларга мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрбөөгө жол берет.
Жапаровдун администрациясынан мыйзам мамлекеттик сатып алуулар процедурасын жөнөкөйлөтүп, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат деп түшүндүрүштү.
«Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган», — деп айтылат президенттин сайтында.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы айтылат.
Мыйзамдын тобокелдиктери
Жапаров мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга жарандык коом каршы чыкканына карабай кол койду. Активисттер өз кайрылуусунда документти кабыл алынса коррупция көбөйүп, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын үстүнөн мамкөзөмөлдү төмөндөтөрүн айтышкан.
Мындан тышкары, активисттер сатып алуулардын ачык-айкындыгы солгундап, жабык болуп каларын, ошондой эле бизнес тараптан ишеним төмөндөп кетерин белгилешкен.
Ошондой эле мыйзам долбоору сатып алуулардын маалыматтык ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо, сатып алуулар тармагында улуттук режимди камсыз кылуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коррупцияга каршы туруу жөнүндөгү ЕАЭБдин келишиминин ченемдерин бузат. Жарандык активисттер мыйзамды кабыл алуу «домино эффектисин ойготуп, мамлекеттик сатып алуулар системасынын талкаланышына дагы алып келиши мүмкүн» деп коңгуроо кагышкан.
Мамлекеттик сатып алуулар, бул мыйзам долбоору кабыл алына электе эле « коррупциянын бейиши» деп эсептелчү. 2021-жылы «Клооптун» журналисттери бардык мамлекеттик тендерлер мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлгөнү менен конкурстар тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү кол жеткис бойдон калып жатканын аныкташкан.
Журналисттер мамлекеттик мекемелер бюджеттик каражаттарды ачык-айкын керектешпейт, көзөмөл органдары буга жыл сайын көз жумуп коёт деген бүтүмгө келишкен.
Дагы окуңуз: «Бир кесим самын 2500 сом». Ала-Бука райондук ооруканасынын күмөндүү сатып алуулары
Тендердин тетири схемалары. Кыргыз ишкерлери 83 млн сомго атаандаштыкты кантип жасалмалашты?