Акматалиев: Француз компаниялары «Асман шаарынын» долбооруна кызыгып, 20 млрд доллар берүүгө даяр

Франциялык инвесторлор Асман экологиялык таза шаарын курууга 20 млрд доллар берүүгө даяр. Бул тууралуу Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Руслан Акматалиев «Азаттыкка» курган маегинде айтты.

«Биз азыр француз инвесторлору Ысык-Көлгө келип шаар курат деген жер менен таанышып жатабыз. Франциядан “Финантреп Аспир”, “Меркюро” жана “МЕДЕФ” компаниясынын өкүлдөрү келди. Биз алар менен Асман шаарын куруунун алгачкы этабына беш миллиард долларлык келишимге койдук. Алар жалпысынан 20 миллиард доллар бөлүп берүүгө даяр», — деди ал, инвесторлор курулуш жүрө турган жер тилкеси менен таанышып чыкканын кошумчалап.

Акматалиев «Асман» долбоорун ишке ашыруу үчүн башка, жергиликтүү инвесторлор дагы караштырылып жатканын, бирок кимдер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан жок.

Асман шаарынын долбоору. Сүрөт: «Азаттык»

Акматалиевдин айтымында, инвесторлор менен кошо Кыргызстанга шаар куруу боюнча франциялык адис Бруно Карлье да келген.

«Ал бизге "бардык шаарлар жогору карай өсүп жатат, андай бийик имараттары бар шаарда жашоо ыңгайлуу эмес, адамды муунтуп койгондой сезилет" деди. Ошондуктан жашаган үйлөрдү 3-4 кабат кылып, соода борборлорун бийигирээк кылса болоорун сунуштады. Азыр эл деле асфальттан чарчады. Экологиялык таза шаар», — деп айтып берди Акматалиев.

Мамдирекциянын башчысы шаардын планын иштеп чыгууга француз адистерине кыргыз архитекторлору дагы кошуларын маалымдады.

Компания жөнүндө эмне белгилүү?

Finentrep Aspir — бул инвестициялык долбоорлорду коштоо менен иштеген франциялык консалтинг компаниясы. Алардын сайтындагы маалыматка ылайык, фирманын Ошто өкүлчүлүгү бар. 2021-жылдын мартында Finentrep Aspir Кокон шаарында көп кабатуу үйдүн курулушуна 100 млн евро бөлөөрү айтылган.

MEDEF International — бул компания эмес, Франциянын ишкерлер союзу. Википедиянын аглис тилдүү барагындагы маалыматтарга ылайык, союзга 750дөн ашык фирма мүчө, алардын 90%ын орто жана чакан ишканалар түзөт. 2017-жылы Кыргызстан MEDEF менен меморандумга кол койгон, анда «ишкерлик чөйрөдө кызматташууну активдештирүү жана инвестиция тартуу үчүн чет өлкөлөрдө өлкөнүн оң образын жайылтуу максаты» камтылган.

Mercuroo’нун сайтында ал көз карандысыз тейлөө компаниясы экени айтылат. Ал «акылдуу жана туруктуу шаар» ишканалары үчүн бизнес-инженирингдин эл аралык аутсорсингине жана экспорттук келишимдерди башкарууга адистешкен.

Асман шаары

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор 2021-жылдын июлунда эле тааныштырылган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде — Тору-Айгыр айылынан жогору жана Балыкчыдан 15 км алыста курула турганы айтылган. Бирок кийин ал 20 км ары Чырпыкты айылына, аэропортко жакыныраак жылдырылган.

Долбоордун авторлору «4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми абадан шаардын көрүнүшү комузга окшошу керек.

Асман шаарынын долбоору. Сүрөт: президенттин басма-сөз кызматы.

Авторлордун идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «Акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу менен ишке ашырылат.

Бийлик долбоор Бишкекти бошотууга өбөлгө болуп, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жол ачарын билдиришкен. Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы.

Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.

Бир катар жарандык активисттер Асмандын курулушуна каршы чыгышкан. Алардын пикиринде, шаарды куруу долбоору «башынан эле утопия жана экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык жактан алганда да ишке ашуусу мүмкүн эмес».

Мындан тышкары, алар Ысык-Көл жана анын айланасындагы жерлер өзгөчө кайтаруудагы биосфералык аймакка кирерин белгилешкен.