Долбоор утопия, экологияга коркунучтуу. Активисттер Асман шаарын курууга каршы

Бишкекте 19-январда «Асман шаарынын курулушуна каршы» демилгечилер тобунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган топтун уюштуруучуларынын бири Толкун Бекбулатова өзүнүн Фейсбук барагында маалымдады.

«Асман шаары курулбайт» аттуу демилгелүү топтун жолугушуусу Сүрөт: Толкун Бекбулатованын Фейсбук барагы 

Анын айтымында, иш-чарага 40тан ашык активист катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар Ысык-Көл жана анын айланасындагы жерлер өзгөчө кайтаруудагы биосфералык аймакка кирерин белгилешти.

Алардын пикиринде, Асман шаарын куруу долбоору «башынан эле утопия, жана экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык жактан алганда да ишке ашуусу мүмкүн эмес». Алар долбоорду ишке ашырууда «экологиялык кыйроо коркунучу жогору жана табигый, инфраструктуралык жана адам ресурстарын чектөө, максатсыз пайдалануу тобокеолчилиги бар» деп эсептешет.

Бекбулатова мындан улам президентке, Жогорку Кеңештин спикерине, минкабдын төрагасына жана Башкы прокуратурага кайрылып, Асман шаарын куруу долбоорун чакыртып алууну талап кылуу чечимин кабыл алышканын билдирди.

Асман шаарынын долбоору

Ысык-Көлдүн жээгине Асман шаарын куруу демилгеси өткөн жылдын орто ченинде маалым болгон. 2021-жылдын июль айында бийлик «Асман экологиялык таза шаарынын» пилоттук долбоорун презентациялашкан.

Бийлик долбоор Бишкектеги жүктөмдү азайтып, өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болорун айткан.

Авторлордун идеясы боюнча, шаардын көрүнүшү асмандан комузга окшошу керек. Шаарда альтернативдүү энергия булактары жана транспорттун экологиялык таза түрлөрү колдонулмакчы. Мындан тышкары, шаарда жашыл экономика принциптери сакталат.

Асман шаарынын долбоору. Сүрөт: «Азаттык».

Авторлордун оюнда, шаар 500-700 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы.

Долбоордун авторлору «4 миң гектар аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Курулуш иштери 20 миллиард долларга бааланганы айтылган.

Буга чейин бийлик аталган долбоорду ишке ашыруучу мамдирекция түзгөн. Аны учурда бизнесмен Тимур Файзиев жетектейт. Файзиевге былтыр коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен издөө жарыяланган.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Асман шаарына бюджеттен «бир тыйын да» коротулбайт, бийлик болгону инвесторлорго жер бөлүп берет. Ордуна мамлекет батирлердин 10%ын алып, ипотекалык компания аркылуу жарандарга сатат.

Ал Асман шаарынын башкы планы иштелип жатканын — буга бир-эки жыл кетерин айтып берген.

«Шаардун курулушу башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган», — деп билдирген ал.

Тема боюнча: Асман шаарынын долбоору тууралуу президент жана Сабиров эмне деди?