Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары президентке кайрылуу жолдогондон кийин аймакка сугат суусу берилди. Бул тууралуу «Клоопко» облустук администрациядан билдиришти.
Суу берилгенин «Клоопко» жергиликтүү тургундар дагы тастыкташты. Алар мындан ары сууну үзбөй берүү талабы коюлганын кошумчалашты.
Эки күн мурда, 16-апрелде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн дыйкандары президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдошкон. Алар сугат суусу берилбей жаткандыктан эгин талаалары куурап жатканын айтып даттанышкан.
Тургундар маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышканын, бирок натыйжа болбогонун белгилешкен.
«Биздин жерибиз кургакчыл, жасалма жол менен сугарып жатабыз. Мунубуз дагы иштебей бардык жактан адамдардын көңүлү калып жатат. Бизге эч кандай келечек жоктой эле сезилип жатат. Мындай көйгөйлөрдү келип чын жүрөктөн көңүл буруп чечип берсеңиздер биз дагы ушул аймакта чын көңүл менен жашайбыз», — деген алардын бири.
Ошондой эле дыйкандар буудайдын үрөнүн кредитке алышканын, мындан сырткары жер семирткичтерге бир топ каражат кеткенин айтышкан.
«Биз эмне болобуз? Азыр эми көчүп кетишибиз керекпи? Ансыз деле бул жерден көчүп кетип жатышат. Сиздер бир чара көрүп бербейсиздерби?! Бизге жашоого бир шарт түзүп бербейсиздерби?! Эмнеге кайдыгер карайсыздар?!» — деген дагы бир тургун.
Кыргызстандагы кургачылык
Үстүбүздөгү жылдын башында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «2022-жылы өткөн жылдагыдай эле сугат суусунун тартыштыгынан кыйынчылыктар болот» деп билдирген.
Ал фермерлердин ишин жакшыртуу жана эгин талааларын сугаруу көйгөйүн жоюу үчүн ведомство ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү иштерин баштаганын айткан.
Аны менен катар, Жаныбеков ирригацияны оңдоп-түздөп жакшыртуу керек экенин белгилеген. Анын айтымында, азыркы шартта сууну жеткирүүдө 60%га жакын суу коромжу болот.
2021-жылы кургакчылык болуп, дыйкандар үчүн оор болгон. Дыйкандар көйгөйгө бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн борбор калаада митингге да чыгышкан.
Кургакчылык дыйкандардан тышкары өлкөнүн энергетикасына да таасирин тийгизип, кризисти жараткан. Бийлик электр энергиясына чектөө киргизип, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болду.