Бишкек: Конуштардын тургундары ичүүчү жана сугат суусу жоктугунан улам митингге чыкты

Бишкекте Киргизия-1 жана Ала-Тоо конушунун жашоочулары митингге чыкты. Алар ичүүчү жана сугат суунун жоктугуна нааразы болушууда. Чогулгандардын саны 30дун тегерегинде.

Чогулгандардын айтымында, төрт жылдан бери сугат мезгилинде аларга суу жетпей келет.

«Биз жыл сайын ушинтип чогулабыз. Жыл сайын жай келгенде ичээрге дагы, сугатка дагы суубуз жок. Барыбызда чарбак бар, суу жок. Жакында эле белгисиз бирөөлөр резиденциядагы негизиги арыкты тор менен тосуп коюптур. Мындайга тыюу салынат. Жетекчилик эч кандай реакция кылбай жатат», — деп айтып берген жашоочулардын бири.

Ала-Арча гидропостунун башчысы Шарапат Курманалиева жашоочулардын көңүлүн быйылкы жылы бардык жакта суу тартыш экенине бурган — каналдарда суу аз болуп жатат. Анын айтымында, бул гидропосттогу суунун баарын Сокулук алат — ал жакта бүткүл шаар ичин камсыздоочу түшүм талаалары жайгашкан.

«Бүгүн 17:00дөн баштап суу берилет, Сокулуктан сурап турабыз. Эгер суу жетиштүү болсо, жумасына бир жолу агызып туруучу график түзөбүз», — деп билдирди жашоочуларга Курманалиева.

Жергиликтүү муниципалдык-аймактык башкармалыктын (МАБ) төрагасы Нурлан Ачылов митинг өткөн жерге келип, бир суткага суу берүүнү убада бергени айтылууда.

Андан кийин жыйналыш аягына чыгып, жашоочулар таркап кетишкен.

Сугат суунун жетишсиздиги

Чүй облусунда сугат суусунун тартыштыгы маселеси курчуп кетти. 14-июнда 300гө жакын дыйкандар митингге чыгып, кургакчылык көйгөйүнө бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

Митингге чыккандар жакынкы 7-10 күндө суу келбесе эгин күйүп кетерин айтышкан. Бул бир гана чыгымдарга эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизет. Ушундай эле билдирүүнү дыйкандар өткөн аптанын аягында дагы айтып чыгышкан, бирок айдоого сугат суусу келген эмес.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов ошол эле күнү кеңешме өткөрүп, сугат суусуна байланыштуу маселени тез арада чечүүнү министрлер кабинетине тапшырган.

«Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербеш керек. Биз жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздообуз керек. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе», — деп билдирген Марипов.

Сугат суусу жетишсиз болуп атканы тууралуу Бишкек мэриясы дагы кабарлаган. Муниципалитет белгилегендей, Аламүдүн суу чарба башкармалыгы келишимде көрсөтүлгөндөн азыраак көлөмдө суу берип жатат. Ал эми Ала-Арча дарыясына «Киргизия» каналы аркылуу 10 күндөн бери сугат суу келбей турат.

Аламүдүн суу чарба башкармалыгынын директору Максатбек Бозов 15-июнда Бишкекке сугат суусун жеткирүү иштери беш күндөн кийин калыбына келет деп жооп берген. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, азыр суу айлампага чогулуп жатат.