Бийликтин көрөгөчтүгүнө жана чынчылдыгына ишенүү керек — Байсалов жаңы Ак үй тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы барагына президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу боюнча айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Анын пикиринде, бул долбоорду сындагандардын «башкы көйгөйү» алар «мамлекеттин келечеги тууралуу президенттин көрөгөчтүгүнө кошулбаганында».

«Оппоненттер Кыргызстан — жарды экенине, дайыма кол сунуп жүргөнүнө, бизде бардык жерде көйгөйлөр бар экенине, бизде баары жаман экенине көнүп калган. Жакырчылык — бул адат. Синдром! Өздөрү деле бийликте болгон — премьерлерди колкап алмаштыргандай алмаштырышкан, колдорунан эч нерсе келген эмес. А бул жерде жаңы жана күчтүү, көрөгөчтүгү жана дымагы таптакыр башка деңгээлдеги бийлик келип отурат. Анын эрки да, чыгармачылыгы да, алыс таштаган арышы да бар. Жаңы президент Кыргызстандын таптакыр башкача келбетин түзгүсү келет», — деп билдирди ал.

Байсалов азыркы бийлик «жаңы улуттук дымакты көрсөтүү» үчүн «өнүгүүнүн жаңы багытын», «жаңы деңгээлин жолго коюуну» каалап жатканын айтууда.

«[Бул үчүн] эски кабыктан чыгып, жаңы символдорду жана маанини түзүү керек. Мына, Пётр Биринчи жаңы Орусияны курууну ойлонуп, аны эски Москвада ишке ашыра албасын, империялык Петербургду куруу керектигин түшүнгөн. Ал эми биздин замандашыбыз Назарбаев өз элине жана дүйнө жүзүнө жаңы казак мамлекети деген эмне экенин көрсөтүү үчүн Астананы курушу керек эле. Мындай мисалдар толтура», — деп жазды минкабдын төрагасынын орун басары.

Байсаловдун пикиринде, президент Садыр Жапаров «өлкөнүн жаңы өнүгүү доору үч жолу тебеленген Ак үй менен да», «Эски аянттагы Раззаков-Усубалиевдердин убагындагы эски имараттары» менен да айкалышпашы керектигин түшүнүп турат.

«Баарыңыздар Петербург менен Астананы куруу долбооруна кандай сындар айтылганын тарыхтан жакшы билесиздер. Адамдар эмнелерди гана айтышпаган. Чыгашаларды эсептешкен. Ысырапкорчулукка жана ыксыздыкка, дагы башка оор күнөөлөргө айыпташкан. Дал ошол сыяктуу эле Садыр Жапаровдун да пландары менен көрөгөчтүгү атаандаштарын, сынчыларын жана көрө албастардын кыжырын келтирүүдө. “Ии, эмнени ойлоп тапты! Айылдардагы мектептердин чатырларын оңдоо, кичи райондордо бала бакча салыш керек болуп атканда ага жаңы хан сарайды ким коюптур?!!” деп айтып жатышат. Кандай гана лидер болбосун тагдыры ушундай экен. Анын көрөгөчтүгү өлкөнүн өнүгүшүнөн алдыга кетет. Ал өлкөнү жана элди ээрчитип бара жатат [...] Аны тилдешкени менен баарын алдыга ээрчитип бара жатат. Лидерлик деген мына ушундай! Азырынча уруша беришет, андан кийин балким макташат», — деди Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын пикиринде, президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна сын айткандардын көбү — «мурдагы бийликтин эч нерсеге жетише албаган өкүлдөрү, мурдагы жупуну президенттердин жана ууру президент сөрөйлөрдүн тарапташтары».

«Аларга көңүл бурбагыла, кымбаттуу кыргызстандыктар! Жаңы бийликтин көрөгөчтүгүнө жана чынчылдыгына ишенгиле», — деп үндөдү Байсалов.

Ал «эгер азыркы бийлик уурулук кылуу үчүн келген болсо», анда салыктарды, маяналарды жогорулатмак эмес жана «башка көптөгөн нерселер болмок эмес» деп кошумчалады.

«Бийликтин жана президенттин чынчылдыгына ишенгиле», — деп кайталады минкаб төрагасынын орун басары.

Президенттик администрацияга жаңы имарат жана сындар

Сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат салынары тууралуу 15-апрелде белгилүү болгон. Ошол күнү өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы имараттын курулушуна капсула салган. Ошол эле күнү кечинде ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок», имарат Президенттин иш башкармалыгынын балансындагы 16 гектар жерди «алмашуу» жолу менен курулат деп ишендирген.

Президенттик администрациянын жаңы имаратын 21 миң чарчы метр жерге аттары аталбаган инвесторлордун эсебинен куруу пландалып жатат. Имаратты «ТС ГРУПП» курулуш компаниясы сала турганы белгилүү. Бийлик анын ордуна инвесторго жер тилкелери эң кымбат деп саналган, Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 16 гектар жер берет.

Президент бул 16 гектар жер «жеке колдорго өтүп кетмек», ошондуктан «элдин жыргалчылыгы үчүн» президенттин администрациясын куруу чечими кабыл алынды деп билдирген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу?» — деп жазган Жапаров.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев буга чейин президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегациялар болбосун ал жерде кабыл алууда «уят болбойт» деген.

Бирок бийликтин бул планы ар кандай реакцияларды жараткан. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен экс-депутат Наталья Никитенко да оюн айтышкан.

«Мунун ордуна мектептер менен бала бакчаларды салса болмок. Же президенттин иштей турган орду жокпу?» — деген депутат Мадумаров профилдик комитеттин жыйынында.

Ал эми Никитенко жоопкерчиликтүү бийликти урап калган мектептер, ооруканалар, мугалимдер менен дарыгерлердин аз айлыгы уялтышы керек деп билдирген.

19-апрелде болсо Жапаров «эл-журттун башын айландырып, удургуткандар» аны тынч иштетпей жатканын билдирген. Ушундай эле билдирүүнү маалымат катчысы да айткан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу боюнча Фейсбукта дагы бир пост жарыялап, айтылган сындарды «айрым адамдар бул теманы “оюн” кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келгени түшүнүктүү» деген. Ал мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер «курулуп келген жана курула бермекчи» деп ишендирген.