Президент жаңы имараттын курулушуна «бюджеттен акча кетпейт» деп ишендирди

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын долбоору.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук барагында жаңы администрациянын курулушу боюнча сын айткандарга жооп берди. Ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирди.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле “жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү», — деп жазды ал.

Жапаров «ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр» дейт. Ал «16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек» деген пикирде.

«Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот. 16 гектар жер кыргыз курулушчуларына берилди. Алар ал жерге коп кабаттуу уйлорду, спорт комплекстерди салышат», — деди президент.

Анткен менен өлкө башчы 16 гектар жер так кимдерге кайсыл жактан берилерин ачыктаган жок.

Жапаров 15-апрелде президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. 21 миң чарчы метрди түзгөн имарат мурда «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге курулат.

Президент иш-чарада «мейманкананын эскилиги жеткендиктен» ордуна жаңы имарат куруу чечими кабыл алынганын белгилеген. Ал курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырып, имарат «кийинки муундарга кызмат кылышы керек» деп билдирген.

Мындан сырткары ал капсула салуу аземинде президенттик администрациянын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы менен таанышкан. Өлкө башчынын администрациясынан аталган комплекс борбордук башкаруу ишин оптималдаштырат деп билдиришкен.

Президенттин администрациясы курулуштун долбоорун жарыялаган. Анда имарат заманбап стилде мыкты шарттары менен курулаарын көрүүгө болот.

Ал арада коомчулукта аталган курулуш боюнча арача пикир пайда болду. Соцтармак колдонуучуларынын айрымдары бийликтин бул аракетин колдосо, башкалар каатчылык мезгилде «мындай курулуштун кереги барбы» деп нааразы болушту. Ошондой эле мунун ордуна курулушу бүтпөй турган социалдык объекттерди бүткөрүүнү жана чек ара маселесин чечүүнү сунушташты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды