Ак үйдүн курулушу. Султанбаев айрым адамдар бул теманы «оюн» кылып жатат деген пикирде

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу боюнча Фейсбукта дагы бир пост жарыялады. Ал айтылган сындарды «айрым адамдар бул теманы “оюн” кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келгени түшүнүктүү» деди.

Султанбаев талкуулар көпчүлүк учурларда курулушка чыгымдала турган каражатты мектеп, оорукана же башка социалдык объектилерди курууга жумшаса болмок дегенге келип такалып жатканын белгиледи.

Ал мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер «курулуп келген жана курула бермекчи» деп ишендирди.

«Социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет», — деп убадалады президенттин маалымат катчысы, келечекте дагы да көп социалдык объектилер куруларын убадалап.

Султанбаев буга чейин президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегациялар болбосун ал жерде кабыл алууда «уят болбойт» деген.

Президенттин администрациясы үчүн имараттын долбоору. Сүрөт: өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат салынары тууралуу 15-апрелде белгилүү болгон. Ошол күнү өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы имараттын курулушуна капсула салган. Ошол эле күнү кечинде ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок», имарат Президенттин иш башкармалыгынын балансындагы 16 гектар жерди «алмашуу» жолу менен курулат деп ишендирген.

19-апрелде Жапаров «элди удургуткан» айрым күчтөр аны тынч иштетпей жатканын билдирген.

«Иш сапардан келгенден кийин (19-20-апрель Жапаров Азербайжанга жумушчу сапары менен барат — редакциянын белгилөөсү) атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем», — деп ишендирди ал.

Президенттик администрациянын жаңы имаратын 21 миң чарчы метр жерге аттары аталбаган инвесторлордун эсебинен куруу пландалып жатат. Имаратты «ТС ГРУПП» курулуш компаниясы сала турганы белгилүү. Бийлик анын ордуна инвесторго жер тилкелери эң кымбат деп саналган, Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 16 гектар жер берет.

Тема боюнча: «МедиаХабдын» иликтөөсү: Жаңы Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?