Алмазбек Атамбаев: Камчыбек Ташиев мага Кой-Ташка жашыруун келип жүрчү

Алмазбек Атамбаев 20-апрелде Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткан сот отурумунда Кой-Таштагы үйүнө Камчыбек Ташиев жашыруун келип жүргөнүн билдирди.

Видео: 24.kg.

«Октябрь окуялары. Биз Соке [экс-президент Сооронбай Жээнбеков] кетиши үчүн баарын жасадык. Эгер биз чыкпаганда, Садыр түрмөдө отурмак, ал эми Ташиев бир жерде жашынып жүрмөк. Ал мага Кой-Ташка жашыруун келип жүрчү. Октябрда [митингге] чыккандарды соттобошубуз керек. Тескерисинче, Садыр Жапаров менен Ташиев аларга рахмат айтып, макам, дарылануусуна акча бериши керек», — деп айтты ал.

*Садыр Жапаров 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин тушунда камакка алынган. Кийин Атамбаев президенттик кызматтан кетип, ордуна Сооронбай Жээнбеков келгенде камакка Атамбаев өзү алынган.

Кыргызстанда бийлик 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкта алмашкан. 6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынып, бир катар саясатчылар, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров колониядан бошотулган. Анда Атамбаев Жапаровго каршылаш болуп, 9-октябрда митингге чыккан. Бирок 10-октябрда кайра кармалып, ал эми Жапаров премьер-министрлик кызматка дайындалган.

Атамбаев азыркы бийлик дагы ката кетирип жатканын кошумчалады.

«Кудай, ушуларга акыл бер, анткени болуп жаткан каталарды мен деле көрүп жатам. Президенттик администрацияда күбөлөр бар. Мага кытайлыктар акысыз кеңсе курулуп берели дешкен. Андан көрө Бишкектин жолдоруна грант берип, жолдорду кургула дечүмүн. Мына ушаларды кылыш керек. [...] Президентке чөйрөсү эмне деп жатканын биз бийлбейбиз. Башкысы, менин чөйрөмдөгүлөрдөй аңга түртүп салышпаса болду», — деди ал.

Атамбаев Бишкекте портфель көтөргөн чиновниктер жана алар үчүн кабинеттер көп деп дагы кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын үзөңгүлөштөрү Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Анда штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Тема боюнча: Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев

Атамбаевге каршы иштер

Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон. Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча ошондой эле Кой-Таштан мыйзамсыз жер алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

Башкы беттеги сүрөт: 24.kg.