«Өтө кымбат». Бишкек мэриясы «Белес» компаниясынын автобустарын сатып алууга даяр эмес

Бишкек мэриясы азырынча BELES компаниясынан алгачкы жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга даяр эмес. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду. Жыйында 120 электробусту сатып алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын гранттык жана насыялык келишими каралган.

Мэрияга караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиевдин айтымында, негизги себеби — өтө кымбаттыгы менен сапат сертификатынын жоктугунда.

«“Белес” (автобус чыгарган ишкана — ред.) ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Президент Садыр Жапаровдон кийин биз дагы барып келдик. Сапаты, моюнга алыш керек, жакшы экен [...] Ишкананын башчысынын айтымында, автобусту чогултууга 254 миң евро коротулган. Бул мэрия үчүн өтө эле кымбат», — деди ал.

Нусубалиев ишкана эгер 500 автобус сатып алынса бааны 178 миң еврого чейин түшүүргө макул болгонун кошумчалады. Тапшырыкты аткаруунун мөөнөтү 12 ай. Бирок, Нусубалиевдин айтымында, «бул дагы өтө эле кымбат».

«Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баалары кыйла арзан. Экинчиден, азырынча алардын [Белестин] сапат сертификаты жок. Алар аны майдын ортосунда гана көрсөтүүгө даяр болушат», — деди Департаменттин директору.

Президент Садыр Жапаров февралдын орто ченинде алгачкы ата мекендик автобусту кураштырган «Белес» компаниясына барган. Анда Жапаров бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалаган. Президент эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, «Белес» менен туруктуу негизде кызматташуу болот деп айткан.

Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен жергиликтүү автобустарды сатып алууга тоскоолдук кылган башка дагы себептер бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, банк рынокто үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген жана кепилдик мөөнөтү узартылган компаниялардын унааларын алып берүүгө даяр. Ал эми «Белес» сунуштаган автобустардын кепилдик мөөнөтү аз жана кыймылдаткычтары газ менен иштейт.

Абдиев мэрия жергиликтүү бюджеттен автобустарды сатып алууга 1 млрд сомго тендер жарыялаганын, ага эгерде сапат сертификатын алса «Белес» компаниясы дагы катыша аларын билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов мэрияны атамекендик өндүрүүчүнү колдоого чакырып, чет өлкөлүк компаниялардан автобус салып алуу коррупцияга алып келет деп айтты.

Жыйынтыгында профилдик комитет мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.

Электробустарды сатып алуу

Азия өнүктүрүү банкы 32 жылга 25 млн доллар өлчөмүндө кредит берүүгө даяр. Анын шарттары боюнча, насыянын 8 жылы жылдыгы 1% менен жеңилдетилген мөөнөткө, андан кийин 1,5% менен берилет. Дагы 25,65 млн долларды Кыргызстан грант түрүндө алат.

Долбоордо автобус сатып алуудан тышкары инфраструктурасын да куруу каралган — 70 кубаттоочу жабдык, бир эвакуатор сатып алуу, Москва жана Фучик, Чүй жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан троллейбустук базаны реконструкциялоо.

Автобустардын тартыштыгы

Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет. Ал эми аткаминерлер тургундарды шартка ылайык тейлөө жана маршруткалардын санын кыскартуу үчүн борбор калаага кеминде 1300-1500 автобус жана тролейбус керектигин айтышууда.

Бишкек мэриясынын Шаардык траспорт башкармалыгынын автопаркынын балансында 476 автобус бар, анын ичинен 300 автобус жарактан чыгып токтоп турат. Учурда шаарды күнүнө 130 троллейбус жана 85 автобус тейлейт.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Садыр Жапаров алгачкы атамекендик автобусту айдап көрдү

Мэрия: Бишкекте 300дөн ашуун автобус жараксыз абалда, каттамга 85и гана чыгууда