Бир кадр менен: Садыр Жапаров алгачкы атамекендик автобусту айдап көрдү

Садыр Жапаров BELES автобусунун рулунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров 15-февралда алгачкы ата мекендик автобусту кураштырган «Белес» компаниясына барды. Ишканадан президент BELES автобусунун сыноодогу үлгүсүнүн айдап көрдү.

«Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан. Жапаров мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечет деп эсептейт.

Компаниянын өкүлдөрү президентке ички эле эмес, тышкы рынокко да багытталган кыргыз автопромун түзүүгө ниеттери бар экенин айтып беришти. Бул, алардын айтымында, өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзөт.

Ишканадагылар автобустун сыноодогу үлгүсү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн чет өлкөгө жөнөтүлөрүн да кошумчалашты. Андан кийин компания мындай автобустарды өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландап жатат.

Жапаров бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалады. Анын айтымында, эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, «Белес» менен туруктуу негизде кызматташат.

Бишкекте коомдук транспорттун жетишсиздиги узак жылдар бою курч маселе бойдон калууда. Калаа бийлиги бул маселени анда-мында чет өлкөдөн автобустарды чакан санда алып келүү менен чечүүгө аракет кылып келет.Тема боюнча: Мэрия: Бишкекте 300дөн ашуун автобус жараксыз абалда, каттамга 85и гана чыгууда