Мэрия: Бишкекте 300дөн ашуун автобус жараксыз абалда, каттамга 85и гана чыгууда

Бишкек мэриясынын Шаардык траспорт башкармалыгынын автопаркынын балансында 476 автобус токтоп турат, анын ичинен күнүгө 85и каттамга чыгат. Бул тууралуу 1-февралда «Биринчи Радионун» эфиринде Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев айтты.

Анын айтымында, 300дөн ашык автобус жараксыз абалда, жөн эле орун ээлеп турат.

«Биз аларды [автобустарды] эсептен чыгаруу боюнча документтерди даярдап койдук. Андан ары [аларды] Муниципалдык менчик башкармалыгына эсептен чыгарууга өткөрүп беребиз. [Эсептен чыгаруу] автопарктын аянтын бошотуу, кайра калыбына келтирүүчү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, технозонаны жаңыртуу, автопарктын аймагына асфальт төшөп, жаңы автобустарды кабыл алууга даярдоо үчүн жасалып жатат», — деди ал.

Автобус паркындагы муниципалдык автобустар. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

31-январда шаардык муниципалитеттин автобус паркынын абалы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышкан. Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматында, ал «автобус паркын толугу менен жаңылап, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо зарыл» деп белгилеген.

«Шаардыктарды комфорттуу жана коопсуз транспорт менен камсыздоо керек», — деген Жапаров.

Минкабдын төрагасы өз сапарында жүргүнчү ташуучу жаңы автобуска түшүп көргөн. Автобусту Беларустун «Минск автомобиль заводу» сыноо мөөнөтүнө берген. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, бул автобус майыптар коляскасы түшүп-чыгышы үчүн бүктөмө тепкичтер, жүргүнчүлөр жана майыптар оңой түшүп-чыгышы үчүн унаанын кузову бир жагына эңкейип берген «Клининг» системасы орнотулганы менен айырмаланат.

Акылбек Жапаров жана Айбек Жунушалиев жаңы келген автобустун жанында. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Бишкектин коомдук транспорту

Миллион калкктуу Бишкек шаарында коомдук транспорттун жетишсиздиги бир топ жылдан бери эле маселе жаратып келет.

Бүгүнкү күнү борбор калаада шаардык транспорттун беш түрү каттайт: жеке менчик маршруткалар, мэриянын карамагында иштеген маршруткалар, муниципалдык автобустар жана троллейбустар, «Шыдыр Жол Кей Джи» жана «Эко пассажирские перевозки» фирмаларынын жеке менчик автобустары.

Алардын эң эле көбү — жеке менчик маршруткалар, бирок алардын саны тууралуу расмий маалыматтар ар түрдүү. Андан тышкары, жыл сайын алардын саны азаюуда. 2021-жылдын октябрында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев каттамга жалпы 1 590 маршрутка чыгып жатканын айткан. Анын айтымында, бул 2017-жылга караганда алда канча аз, себеби ошол кезде шаар боюнча жалпы төрт миң маршрутка жүрчү.

Муниципалдык автобустардын саны дагы азаюуда. Эгерде 2019-жылы каттамга жалпы 137 автобус чыгып жаткан болсо, учурда болгону 85-95 автобус каттамга чыгууда.

Бул акыркы жылдары жаңы автобустар болгону бир нече ирет алып келингени, алар «тюлеевдин» эски автобустарынын ордуна келип жатканы менен байланыштуу. Жолдо алардын жалпы саны көбөйгөн эмес.

Троллейбустар — расмий маалыматтарга таянсак, саны көбөйүп жаткан жалгыз муниципалдык транспорт. 2018-жылы каттамга болгону 100 троллейбус чыккан болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 130га жетип калды. Бирок азырынча мэрия жаңы троллейбустарды сатып алууну пландаштыра элек, анткени жаңы чубалгыларды тартуу газ менен жүргөн автобустарды сатып алууга караганда кымбатка турат.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин айтымында, учурда шаар боюнча бардык түрдөгү коомдук транспорттун 1 900 даанасы каттамга чыгат, а бирок талап боюнча, алардын саны 2400 болушу керек.

2021-жылы мэрия менен түзүлгөн келишим аркылуу «Эко пассажирские перевозки» Өзбекстандан Бишкекке 210 жаңы автобус алып келген. Бирок өткөн жылдын декабрында келген автобустардын жарымы айдоочулардын жетишсиздигин улам айдалбай турганы белгилүү болгон.

Ал эми аткаминерлер тургундарды шартка ылайык тейлөө жана маршруткалардын санын кыскартуу үчүн борбор калаага кеминде 1300-1500 автобус жана тролейбус керектигин бир нече жолу айтышкан. Азыр жаңы алынып келген автобустар менен алардын саны 300дөн бир аз ашык.

Бишкек мэриясы 2021-жылы бир нече жолу жаңы автобустарды сатып аларын билдирген. Мындай билдирүүнүн акыркысы декабрдын башында чыккан. Ал убакта Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы Кыргызстанга миң автобус алып келүү боюнча Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун ортосунда меморандумга кол коюлганын кабарлаган. Автобустар 2022-жылы лизингге келет, бирок качан экени так белгисиз.

Күн мурун Кыргызстанда BELES аталышындагы жаңы автобус чыгарылганы белгилүү болгон. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, автобус жакын арада сертификат алып, текшерүүдөн өтүшү үчүн Орусияга жеткирилиши керек. Алар автобустарды андан ары өндүрүү үчүн уруксат алууга үмүттөнүшөт.

Тема боюнча окуңуз:

Бишкек мэриясы жол кире акысын көтөрүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрдү