Улуттук банк 18-апрелде чет өлкөдөн которулган акчаларды алуу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизди.
Максаты — өлкөнүн ички валюта рыногун турукташтыруу жана накталай доллардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн минималдаштыруу.
Улуттук банктан «Клоопко» акча которуулар системасында кандай өзгөртүүлөр киргенин айтып беришти.
Эмне өзгөрдү?
Башкы банктан өзгөртүүлөр акыркы убакта өлкөгө Орусия жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулар кескин көбөйүп, кардарлар аны ошол валютада берүүнү суранып жатышканына байланыштуу экенин маалымдашты.Өзгөртүүлөргө ылайык, эми которулган акчаны жөнүлгөн мамлекеттин валютасында же улуттук валютада (сом) гана алса болот.
«Эгерде акча Орусиядан которулган болсо, ал алуучуга рубль менен гана берилиши керек, эгерде Казакстандан болсо — теңге менен гана, ал эми башка өлкөдөн болсо — анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет», — деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.
Валютаны алмаштыруу тууралуу
Улуттук банктан «эгерде алмаштыруу валютасы Кыргызстанда кеңири колдонулбаса, анда банктар Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алышарын, ошол эле учурда кардарга алмаштыруу курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек» деп түшүндүрүштү.
Улуттук банктан белгилешкендей, кардар Кыргызстандын коммерциялык банкына которулган акчаны өзүнүн банктык эсебине же электрондук капчыгына салып коюуну тапшыра алат. Анда коммерциялык банк валютаны өзүнүн курсу менен алмаштырат же кардардын электрондук капчыгына сом менен которот. Кардар алмаштыруу курсу тууралуу алдын ала кабардар болушу керек.
Долларлык эсептерге которуулар тууралуу
Улуттук банктан кошумчалашкандай, эгер акча жөнөтүүчү Орусиядан Кыргызстандын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине орус рублинде акча которсо, анда банк долларга алмаштырууну өзүнүн курсу менен жүргүзөт.
Кыргызстанда доллардын кымбатташы жана анын кесепеттери
Февралдын аягында доллардын куну рублга карата кескин өсө баштаган. Мындай кырдаал 24-февралда орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин түзүлгөн. Андан кийин эле көпчүлүк батыш өлкөлөрү Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизген.
Валюта рыногуна биринчи кезекте санкциялар таасир эткен. Орусия Украинага кол салгандан бир нече саат өткөндөн кийин эле рубль кескин арзандап, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылаган. Рублдун артынан Кыргызстандын улуттук валютасынын курсу да түшүп кеткен.
Үч аптанын ичинде доллардын куну 84 сомдон 106 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок марттын экинчи жарымында доллар кескин төмөндөй баштаган. Анда башкы банк улуттук валютанын бекемделишине Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталары долларга карата бекемделгени таасир тийгизгенин айтышкан.
Февралдын соңунда Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга сомдун куну түшүп, чет элдик валюта кымбаттап жаткан шартта алтын сатып алууну сунуштаган. Ал «капиталыңыздарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар» деп кеңеш берген.
Тема боюнча окуңуз: Садыр Жапаров сом арзандап жаткандыктан элге алтын сатып алууну сунуштады
Марттын башында Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуу жайларга билим берүү акысын чет элдик валютада албашы керектиги боюнча эскертүү жөнөткөнү белгилүү болгон.
Улуттук банк 30-31-мартта доллар сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жүргүзгөн. Биринчисинде башкы банк рыноктон 5,4 млн доллар сатып алган. Анда Улуттук банк интервенция «алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатында» жүргүзүлгөнүн түшүндүргөн.
31-мартта башкы банк 14,5 млн доллар сатып алган. Economist.kg басылмасы Улуттук банк чет элдик валютаны 2018-жылдын февралынан бери биринчи жолу сатып алганын, анда доллардын куну 68,2 сом болуп турган деп билдирген.
Ошондой эле Улуттук банк Кыргызстандын аймагынан АКШ долларын чыгарууга убактылуу тыюу салган.
22-апрелге карата Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, бир долларды сатуу курсу 82,55 сом, ал эми сатып алуу курсу 80.36 сомду түздү. Ал эми Бишкектин акча алмаштыруу жайларында долларды сатуу курсу 85,78 сомго, ал эми сатып алуу курсу 84,78 сомго чыкты.