Садыр Жапаров сом арзандап жаткандыктан элге алтын сатып алууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга сомдун куну түшүп, чет элдик валюта кымбаттап жаткан шартта алтын сатып алууну сунуштады. Мындай билдирүүсүн өлкө башчысы 28-февралда Фейсбук барагына жазды.

Президент жакын арада улуттук валюта «катуу басымга кабылышы» ыктымалдыгын айтты. Ал «ар бир валютанын куну качып, алтындын гана баасы өсөрүн», «алтын эч качан кунун жоготпосун» билдирди.

«Ошондуктан акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар», — деп кеңеш берди президент.

Өлкө башчысы кыргызстандыктар сатып алган алтынын Улуттук банкта же өз алдынча сактаса болорун кошумчалады.

«Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат», — деп жазды Жапаров.

Мындан тышкары, Жапаров өлкөдө күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы кыйла кымбаттаганын моюндады.

«Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат [...] Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деди ал.

Анын айтымында, буга байланыштуу минкаб «каатчылыкка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыккан».

«Бардык министрликтер тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт», — деп убада кылды Жапаров.

Президент бийлик «жалпы журт бул сыноодон татыктуу өтүүсү үчүн» колдон келген аракетти көрөрүн белгиледи.

«Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Мамлекетибиз менен элибиз азыр ынтымакта жашап жатат», — деп эсептейт президент.

Мындан тышкары, Жапаров ишкерлерге кайрылып, өндүрүштүк ишканаларды түзүүгө чакырды. Өлкө башчысы сооданы жигердүү өнүктүрүүнү да убадалады.

Ошондой эле, президент жакынкы жумаларда өлкө боюнча «Мекен чакырыгы» аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы ишке кирерин кабарлады. Жапаровдун айтымында, ал «жүз миңдеген жарандын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт».

«Эң башкысы — азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу [керек]. [...] Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашайбыз!» — деди президент.

Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө жана Орусияга каршы эл аралык санкциялардын киргизилгенине байланыштуу рублдун курсу, анын арты менен сомдун да куну түшүп кеткен. Valuta.kg порталынын 28-февралдын саат 16:00го карата маалыматка ылайык, бир долларды сатып алуунун орто баасы 94 сомду түзүүдө (айрым акча алмаштыруучу жайларда 96 сомго чейин жетет), сатуу баасы — 95 сом.

Нефтетрейдерлер буга чейин доллардын өсүшүнөн улам жакын арада күйүүчү майлардын дагы баасы кымбатташы мүмкүндүгүн кулак кагыш кылышкан.