Министрлик: Окуу жайлар билим берүү акысын сом менен гана алышы керек

Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуу жайларга билим берүү акысын чет элдик валютада албашы керектиги боюнча эскертүү жөнөтөт. Бул тууралуу «Клоопко» ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

«Катта биз билим берүү акысын улуттук валютада, тагыраагы, сом менен алуу керек деп айтылган мыйзам талабына көңүл бурууну суранып жатабыз», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматтан.

Министрликтен каттар өлкөнүн бардык билим берүү жайларына, анын ичинде жеке менчик мектептерге да жөнөтүлөрүн кошумчалашты.

Кун муда «Ыйман нуру» партиясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков жогорку окуу жайларда жана жеке менчик мектептерде окутуу акысы тууралуу келишимди улуттук валютада түзүү керектигин билдирген. Ал Украинадагы кырдаалдан улам акыркы аптада АКШ доллары 10 сомго кымбаттаганын айткан.

«Эмнегедир айрым окуу жайлар келишимди доллар менен түзүп, акчаны сом менен алып жатат. Мындай көз боёмочулукка чек коюш керек [...] Инфляциянын талаптарын эске алуу менен [келишим] сом менен түзүлүүгө тийиш. Болбосо азыр ата-энелер кыйналып жатат», — деген ал

Мындан тышкары, эл өкүлү Жарандык кодекстин 35-беренесинде «Кыргызстандын улуттук валютасы сом» деп жазылганын, билим берүү жөнүндө мыйзамдын 43-беренесинде билим берүү кызматын көрсөтүү улуттук валюта менен жүргүзүлүшү керек деп көрсөтүлгөнүн эске салган.

Парламентарийдин пикиринде, окуу келишимин сом менен түзүү аркылуу улуттук валютаны да, студенттердин жана ата-энелердин да укугун коргоого болот.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында бир жума аралыгында доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү. Ага Орусиянын Украинага кол салуусунан соң көпчүлүк батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизгени себеп болду.

Тема боюнча: 

Кадырбеков: Билим берүүчү жайларда окуу келишими улуттук валютада түзүлүшү керек