Таалатбек Масадыков Ооганстан баштаган бир катар өлкөлөргө жумушчу сапары менен барды

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 7-апрелден 20-апрелге чейин жумушчу сапары менен Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Масадыков аталган өлкөлөрдүн күч түзүмдөрү жана башка ведомстволорунун жетекчилери менен бир катар кеңешмелерди өткөрүп, андан тышкары эл аралык эксперттер менен жүз көрүштү.

Президенттин администрациясынан белгилешкендей, Масадыков иш сапарда аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге жана аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулады.

Буга чейин, 4-ноябрда Масадыков Ооганстандагы абал боюнча пикирин билдирген. Анда «Талибан» бийликке келгенине карабай, өлкөдө абал салыштырмалуу «коопсуз» экенин айткан.

«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ооганстан жана талибдер

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Ооганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышкан. Талибдердин баскыны АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстанда 20 жылга жакын болгондон кийин чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Талибдер аялдардын, этникалык азчылыктын укуктары боюнча көптөгөн убадаларды берген. Бирок убадалары иш-аракетине дал келбейт.

21-октябрда 20га чукул ооган кыз-келини аялдардын укугу үчүн маршка чыккан — «Талибандын» мүчөсү чет элдик фотографты куралдын башы менен чаап, тээп салган. Дагы бири журналистти чапкан. Аялдардын укугу үчүн сентябрдагы маршы кууп таркатылган.

Талибдер ооган аялдарынан бетин жаап жүрүүнү талап кылган. Бийликти басып алгандан кийин эле алгачкы аптада талибдер аялдарга «коопсуздук максатында» үйдөн жумушка чыгууга тыюу салган. Ооган аялдарына эркектердин коштоосу жок базардан тамак-аш дагы сатылбайт, ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагарда аялдардын поликлиникалары ишин токтоткон.