«Көрүмө көтөрө кетпейм. Келечек муун үчүн калат». Жапаров жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине көлөмдүү маек курду. Бул ирет дагы президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна токтолду.

Имаратты Бишкектеги сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна куруу пландалып жатат. Долбоорду ишке ашырууну Казакстандык инвесторлор колго алышкан, акысына аларга Бишкектин түштүк аймагынан 16 гектар жер берилет. Шаардын бул бөлүгүндөгү жер тилкелери эң кымбат болуп эсептелет.

Садыр Жапаров маек учурунда. Сүрөт: «Кабар» КУМА.

Президент эмне деди?

Жапаров азыркы президенттик администрациянын имараты 1950-жылы Исхак Раззаковдун убагында курулганын белгиледи.

«Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин [Раззаковдун] жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын», — деди президент.

Ошо эле учурда, Жапаров «айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, жыргал жашоого көнгөн эместигин жана жыргал жашоону самабаганын» белгиледи.

«Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз [...] Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат», — дейт ал.

Президенттин администрациясы үчүн курула турган имараттын долбоору. Сүрөт: президенттин басма сөз кыз

Бардык министрликтерге бир имарат

Жапаров жаңы президенттик администрациядан тышкары, бардык министрликтерге да бир имарат курса болот деп эсептейт. Анын пикиринде, бул Бишкектеги тыгындан арылууга жардам берет.

«Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты [курулушун] биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз», — деп билдирди ал.

Жапаровдун айтымында, жаңы имараттын курулушуна дагы бюджеттен акча сарпталбайт. Ал министрликтердин азыркы имараттарын алмаштырабыз деп белгиледи.

«Өзүбүздүн атамекендик куруучулар эле салып коюшат», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Жапаров өлкөдө чет мамлекеттердин президенттерин тосуп алууга ылайыктуу шарттар жок деп кейиди.

«Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-холл сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо, буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да», — деди ал.

Жапаров быйыл 26-майда Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Кыргызстанга иш сапары менен келерин кошумчалады.

16 гектар жер тууралуу

Президент ошондой эле президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушун каржылай турган инвесторго берилчү 16 гектар жер тилкеси боюнча айтылган сындарга да жооп берди. Буга чейин активисттер бул жердин баасы имараттын курулушуна кеткен чыгымдан алда канча кымбат экенин белгилешкен. «МедиаХабдын» журналисттеринин маалыматына ылайык, 16 гектар жер болжол менен 48-80 млн доллар турат.

Инвесторго бериле турган жер тилке. «МедиаХабдын» видеосунан скриншот.

«Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин [администрациянын имараты] базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегерегиндеги аймакка салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. [...] Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жакка салымын кошушат», — деди Жапаров.

Жапаров бийлик мурдагыдай эле мектеп жана бала бакча салууну улантан деп кошумчалады.

Тема боюнча: Бийликтин көрөгөчтүгүнө жана чынчылдыгына ишенүү керек — Байсалов жаңы Ак үй тууралуу