«МедиаХабдын» журналисттери жаңы президенттик администрациянын курулушу тууралуу иликтөө жарыялашты. Анда Ак үйдүн курулушу менен кимдер алек болору, 16 гектар жер инвесторлорго Бишкек шаарынын кайсыл тарабынан берилери ачыкталган.

«Ысык-Көл» мейманканасынын сүрдүрүлгөн имаратынын ордуна жаңы президенттик администарция курулуп баштады. Президент Садыр Жапаров буга чейин кулуш иштерине «бир тыйын да кетпейт» деп ишендирген. Ошол эле маалда Жапаров жаңы Ак үйдү инвесторлор куруп жатканын, анын ордуна Президенттин иш башкармалыгы демөөрчүлөргө борбор калаадагы 16 гектар жерди өткөрүп берерин айткан.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Жапаровдун «бир тыйын кеткен жок» деген сөзүн «манипуляция» деп атады.

«Президенттик иш башкармалыктын жери кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин, сиздин, менин жерибиз. болгондо дагы Бишкекетин эң чүйгүн аймагында», — деп белгиледи Токтакунов.

«МедиаХабдын» журналисттери өз булактарына таянып Ак үйдүн ордуна айырбашталчу 16 гектар жердин дайын-дарегин табышкан. Токтакуновдун айтымында, жер тилкеси Апсамат Масалиев проспектисинин (Түштүк Магистралдын) боюнда, «Ынтымак 2» паркынын каршысында жайгашкан.

*24.kg басылмасынын журналисттери мамлекеттик сатып алуулар сайтынан Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын тендерин таап чыгышкан. Ал март айынын аягында өткөрүлгөнү жана 12 гектар жер тилкеси Түштүк магистралдын үстүндө, Малдыбаев көчөсү 259а дарегинде жайгашканы белгилүү болгон.

Инвесторлорго берилчү жер тилкеси. Видеонун скриншоту.

Токтакунов Бишкек мэриясы аталган жерди «мараторий бар» деп жеке менчикке бербей келгенин эске салды.

«Ал тургай, эки жыл мурда кыргыз футболчулары атактуулукка жетишип, стадион салуу үчүн FIFA миллиондогон грант беребиз деп турганда дагы аталган жер тилкесин ала алган эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондо эле иликтөөчү журналисттер жаңы Ак үйдүн курулушу үчүн бериле турчу 16 гектар жердин наркын анын айланасындагы жерлердин баасы менен салыштырып, 48 миллиондон 80 миллион АКШ долларга чейин экенин эсептеп чыгышты.

*Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «16 гектар жер — тыйын эмес, өтө кымбат турарын» айтып, Бишкекте 1 сотых жер 50 миң доллар турушу мүмкүн экенин билдирген.

Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?

Садыр Жапаров жаңы имараттын курулушуна капсула салганы барган учур.

Иликтөөчү журналисттер президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу боюнча долбоордун башында Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясынын башчысы Марат Турсунбеков, чет өлкөлүк студенттерди «алдоого» айыпталган ишкер Нургалы Асаналиев, Казакстанда аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу турарын белгилешти.

Токтакунов президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшан Сабиров менен Марат Турсунбеков өткөн кышта Бишкек ЖЭБин «тажрыйбасы жок» жеке Hampton Resources Limited казак-британ* компаниясына жарым-жартылай өткөрүп берүүнү сүрөмөлөгөнүн эске салды.

«Алар кылым кылмышы болуп кете жаздаган иш үчүн жазага тартылышкан жок. Тескериинче, андан чоң долбоордун башына келишти», — деди Токтакунов.

*Президенттин администрациясын куруп баштаган «ТС ГРУПП» компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов аларды казакстандык инвесторлор жалдаганын айткан. Бирок инвесторлордун ким экенин ачыктаган эмес.

Марат Турсунбеков президент менен балдар үйүндө.

Марат Турсунбеков — эл арасында «Рыжий Марат» деген каймана ат менен булгилүү. Ал 2021-жылдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун ишенимдүү кишиси, ал эми президент болгондон кийин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон. Өткөн айда Жапаров Токмоктогу балдар үйүнө Марат Турусбеков жана Нургалы Асаналиевдин коштоосунда барып, автобус белек кылган. Президент унааны Турусбеков менен Асаналиев сатып бергенин айткан.

Ал эми 22-январда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясы түзүлүп, Марат Турсунбеков жетекчиси болуп дайындалган.

Нургалы Асаналиев.

Нургалы Асаналиев — 2018-жылы Бишкек шаарында Эл аралык илим жана бизнес аталышындагы университет ачып, чет өлкөлүк студенттерди окутам деп акчаларын алып, алдап кеткени үчүн издөөгө алынган. Асаналиев ошол эле жылдын 27-июлунда «Манас» аэропортунан Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Асаналиев 2010-жылдан бери «Каганат» саясий партиясынын, ушундай эле аталыштагы кайрымдуулук фондунун жана уран, торий кендерин казган «КыргызАтомӨнөр жай» жабык акционердик коомунун жетекчиси.

Нургалы Асаналиев өткөн жылдын 27-декабрда дагы президенттин жанында жүргөн. Ал Чүйдөгү мектеп-интернаттын мугалимдерине үй салып берүүну убада кылып, Жапаров менен бирге жерпайын түптөшкөн. Бирок кийинчерээк Жаңы-Жол айылынын тургандары журналисттерге курулуш ордунан жылбай жатат деп арызданышкан.

Дамирбек Асылбек уулу.

Дамирбек Асылбек уулу — 2018-жылы трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ түзүп, аткезчилик менен алектенген делип кармалган. Контрабандалык товар Казакстанга көмүскө бажы схемалары жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу Кытайдан түз кирип турганын коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдаган. Ал Казакстанда 10 жылга кесилип, Кыргызстанга экстрадиция болгон. Бирок кийинчерээк Кыргызстандын соту аны эркиндикке чыгарган.

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Кийинчерээк ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле “жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу?» — деп айтылган президенттин билдирүүсүндө.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин администрациясынын курулушу — Кыргызстандын аброю экенин жазган. Султанбаев эми жаңы жана заманбап имаратта чет элдик делегацияларды «уят болбой» кабыл алууга болот деп эсептейт.

18-апрелде президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов президенттин администрациясын «ТС ГРУПП» компаниясы курарын айткан. Бул маалыматты компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов дагы ырастап, келишимге казакстандык инвесторлор менен кол коюлганын айткан.

19-апрелде Президенттин администрациясына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков бийлик жаңы имараттын курулушун каржылаган инвесторлорго Бишкектин түштүк аймагынан 16 гектар жер бөлүп берерин тастыктаган.

«Бул 16 гектар жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан, бирок “Ысык-Көл” мейманканасынын маңдайында эмес. Президенттин иш башкаруучусу инвесторго карамагындагы жерди сунуштаган», — деп билдирген ал.

Тема боюнча:

Президент жаңы имараттын курулушуна «бюджеттен акча кетпейт» деп ишендирди

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган Ак үйдү «ТС ГРУПП» курат