Масадыков Жапаровдун өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду өзүнүн «өзгөчө тапшырмалары» боюнча атайын өкүлү кылып дайындады. Масадыковду дайындоо боюнча жарлыкка президент 25-апрелде кол койду.

Дагы бир жарлыгы менен президент Масадыковду Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматынан бошотту. Ошол эле учурда президенттин сайтында Масадыков атайын өкүлдүн кызматында эмне иш кылары айтылган жок.

Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына 2021-жылдын июлунда келген. Ал эл аралык жаңжалдар маселеси боюнча эксперт.

Масадыков БУУда дагы иштеп, 2009-2013-жылдары уюмдун Ооганстандагы атайын саясий миссиясын жетектеген.

Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына келгенден кийин 2021-жылдын ноябрында Ооганстанга барып, өлкөнү көзөмөлгө алган «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Кыргызстан «Талибан» тарабынан дайыйындалган өкмөт менен расмий жолугушуу өткөргөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгон. Анда кыргыз бийлиги жолугушууну мамиле түзүү деп атаган.