Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Таалатбек Масадыков

Президент Садыр Жапаров 12-июлда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын түзүп, ага коомдук ишмер Таалатбек Масадыковду дайындады.

Масадыков 60 жашта. Ал 1984-1986-жылдары Москвадагы Советтер союзунун Коргоо министрлигинин аскердик институтунда окутуучу болуп иштеген. Масадыков 1987-жылы Ооганстанга барып, котормочу жана жергиликтүү уруулар боюнча адис болгон.

Кийинчерээк, 1988-жылы, Масадыков Москвага кайтып, үч жылдын ичинде аспирантураны аяктаган. Ошондой эле ал Азия жана Африка институнун Иран филологиясы боюнча кандидаттык диссертацияны коргогон. Ал эми 2000-жылы ал Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алган.

Арадан эки жыл өтүп ал Бириккен улуттар уюмунун саясий маселелер боюнча департаментине ишке кирип, Ооганстан, Пакистан жана Иранда 13-жыл иштеген. Ал эми 2009-2013-жылдары Масадыков БУУнун Ооганстандагы атайын саясий миссиясын жетектеген.

Масадыков Ооганстандагы дзадран уруусунун башчысы Пача Хан Дзадран менен сүйлөшүүлөр маалында. Сүрөт 2002-жылы тартылган

Масадыков Ооганстанда «Талибан» экстремисттик кыймылын колдогон пушту уруулардын аксакалдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөн.

Ошондой эле ал кыргызча, орусча, англисче, пушту жана дари тилдеринде эркин сүйлөйт.

Масадыковдун айтымында, анын негизги адистиги — чыгыш өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатия жана эл аралык мамилелер. Акыркы 12 жылда ал Борбордук Азия, Жакынкы жана Орто Чыгыштагы эл аралык терроризм, баңгизат, жаңжалдарды алдын алуу маселелери менен алектенип келет.

2014-жылы Масадыков «Баатырлардын урпактары» кыймылын негиздеген. Бул уюм Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкан кыргызстандыктарды аныктоо менен алектенет.

Масадыков 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 0,63% добуш алган. Ошондой эле ал 2021-жылы болгон президенттик шайлоого да катышууга ниеттенип, бирок талапкерлигин алып салган.