Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырылды

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Маалыматты «Клоопко» көзөмөл органдын басма-сөз кызматы тастыктады.

Ведомстводон Жапаров суракка июнь окуялары боюнча күбө катары чакырылганын кошумчалашты.

Буга чейин аталган иш боюнча күбө катары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы сурак берип чыккан. Сурактан кийин ал 2010-жылдагы этникалар аларык жаңжал үчүн негизги күнөө Убактылуу өкмөттө экенин айткан.

Июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштери 

2021-жылдын 16-апрелинде 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал боюнча тергөө жандандырылганын билдирген. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган. Анда УКМК тергөө Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөрүн, алардын Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине көмөктөшүү фактысынын бар-жогу текшерилерин айтышкан. Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, жергиликтүү өзбек диаспорасынын лидери.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Сүрөт: «АКИпресс».

УКМКнын маалыматына ылайык, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши улуттар аралык жаңжалдын чыгышына бирден бир себеп болгон.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деп УКМКдан билдиришкен.

Андан бери Башкы прокуратура 15 адамды, мурдагы жана азыркы аткаминерлерди суракка алды. Кылмыш иши «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иликтенип жатат.

Бүгүнкү күндө аталган иш боюнча Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын мурдагы башчысы Бектур Асанов, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, ошол учурдагы УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, апрель-июнь окуялары боюнча Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров, Ички иштер министрлигинин ошол учурдагы биринчи орун басары Бакыт Алымбеков, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Жалал-Абад облустук администрациясынын губернаторунун ошол учурдагы орун басары Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын ошол учурдагы мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Жаныбек Жоробаев жана аталган комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары суралышты.

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

«Энелердин көз жашы» эстелиги. Ал 2011-жылы 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалда каза болгондордун элесине арналып тургузулган. Сүрөт: «Азаттык».

Расмий маалыматтарга ылайык, когылышууда 426 киши көз жумуп, дагы миңден ашык адам жарадар болгон.

Июнь коогалаңын иликтеген Ким Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

Бирок Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.