Башкы прокуратура УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди суракка чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Ташиев суракка чакырылганын «Клооптун» кабарчысына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, УКМК төрагасы 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча күбө катары чакыртылды. Ташиев 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Июнь окуялары боюнча иштин алкагында 2022-жылдын январь айында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров прокуратурага сурак берген.

2010-жылы Бекназаров жарым жылдык убакытка аткаруу бийлигинин милдетин алган Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары болгон. Ошол маалда Бекназаров прокуратура жана финполицияны башкарган.

Этникалык кагылышуу

10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

«Бул окуялардын жүрүшүндө миңдеген адамдар жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги 1900 адамга ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүлдү деп айтышкан. Бирок жабыркагандардын саны мындан бир топко көп болушу мүмкүн. Ооруканалардагы айрым медициналык жардам көрсөтүүлөр катталган эмес», — деп айтылат комиссиянын отчетунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.

2-апрелде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген.

Башкы прокуратуранын 2020-жылга карата маалыматына караганда, өлкө түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан 10 жыл өткөндөн кийин 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Бирок болгону 360 иштин бети ачылып, 4 миңге жакын кылмыш иштери токтотулган.